Президент Баткендин Зардалы айылы тууралуу тасма позитивге үндөп турарын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Баткендин Зардалы айылы тууралуу тасма позитивге үндөп турарын айтты
Президент Баткендин Зардалы айылы тууралуу тасма позитивге үндөп турарын айтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" сыяктуу фильм мамлекеттик органдарга жарандардын турмушун жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү үчүн кайсы маселелерди чечүү керектигин жакшы түшүнүүгө түрткү берерин айтты.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?" кыска метраждуу фильмдин авторлорун кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы режиссер Абдулалим Мамадалиевге, идеянын автору Молдосеит Мамбетакуновго жана режиссер-монтаждоочу Ракыя Шершеновага Баткен облусунун Баткен районундагы алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын жашоо шартын чагылдырган фильм жараткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул туулуп өскөн айылды, Мекенди сүйүү тууралуу жакшы фильм. Алыскы, тоолуу, чек арага канатташ айылда жашаган кыргызстандыктардын эмгекчилдиги жана кайратмандыгы жөнүндө. Дал ушул жарандарыбыз мамлекетибизди бекемдеп, мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүшөт. Фильм алыскы тоолуу айылдын чече турган маселелери тууралуу сөз кеп козгогону менен, позитивизмге жана жакшылыкка үндөп, көрөрмандарга дем берип турат", — деди Алмазбек Атамбаев.

Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан Датка" киносу Оскар сыйлыгынын кыска тизмесине кирбей калды
Мамлекет башчысы бул сыяктуу фильмдерди жаратуунун маанисин баса белгиледи. "Авторлор элеттиктердин жакшы маанайын, алардын жакшылыкка умтулуусун таасын көрсөтө алышкан. Ал эми мамлекеттик органдарга мындай фильмдер жарандардын турмушун жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү үчүн кайсы маселелерди чечүү керектигин жакшы түшүнүүгө түрткү берет", — деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент мамлекеттик программалардын алкагында Зардалы айылынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүнү көзөмөлгө алуу, анын ичинде айылдын статусун аныктоо боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди. Ошону менен бирге президенттик фонддон Зардалы айылынын мектебин электр энергиясын иштеп чыгуучу жабдуу, компьютерлер, окуу куралдары, көркөм китептер менен камсыз кылуу үчүн көмөк көрсөтүлөт. 

Кыргызстандын президенти искусствонун кинематография сыяктуу маанилүү багытын өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0