Депутаттар Сатыбалды Далбаевге Эл баатыры наамын берүүнү сунушташты

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Архив: Кыргыз улуттук академиялык драма театры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр сахнасында жарым кылымдан ашуун убакыттан бери чыгып келе жаткан Сатыбалды Далбаевге жогорку наамдагы сыйлык берүү демилгеси көтөрүлдү.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. ЖК комитети Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевди "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына көрсөтүү жөнүндө маселени карап, жактырышты.

ЖК төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова демилге бир нече депутаттар, Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Базар-Коргон районунун эли жана бир катар чыгармачыл инсандар тарабынан көтөрүлгөндүгүн белгиледи. 

"Сатыбалды Далбаев чоң-чоң классикалык башкы ролдорду ийгиликтүү аткарып келди. 80 жашка чыкканча театрда ишмердүүлүгүн улантып жаткан белгилүү инсандын эмгегин татыктуу баалоо зарыл", — деди Мамырова.

Сатыбалды Далбаев 1957-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун (ГИТИС) аяктап келгенден бери Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0