"Шабдан баатыр" тасмасы 2015-жылы тартылып баштайт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТоржественное мероприятие, посвященное 175-летию Шабдан батыру
Торжественное мероприятие, посвященное 175-летию Шабдан батыру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шабдан баатыр" тарыхый көркөм тасмасын тартуу келерки жылы башталат.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. "Шабдан баатыр" тасмасы 2015-жылы тартылып баштарын КР кинематография департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Жакшы сценарий жазылса, Шабдан баатыр туурасында киного акча бөлүнөт
Комиссия аталган тасманынын сценарийин жазуу боюнча келип түшкөн арыздарды карап чыкты. Режиссер Эрнест Абдыжапаров бул тасма тууралуу өзүнүн пикирин айтып, комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү "Кыргызфильм" улуттук киностудиясына 2015-2016-жылдардын тематикалык планына толук метраждуу "Шабдан баатыр" тарыхый көркөм тасмасын тартууну киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле, бул тасманы тартуу милдетин Эрнест Абдыжапаровго тапшыруу чечими кабыл алынды.

Ноябрь айынын башында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Шабдан баатырдын 175 жылдыгына байланыштуу салтанатка катышып жатып, эгерде жыл аягына чейин жакшы сценарий жазылса, Шабдан баатыр туурасында тарыхый көркөм тасма тартууга республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнө тургандыгын белгилеген болчу. 

Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекеттик заказ менен тартылган алгачкы фильм "Курманжан датка" тасмасы. Аны тартууга мамлекеттик бюджеттен 1 миллин 500 миң доллар бөлүнүп, режиссер Садык Шер-Нияз тарткан. Тасманын бет ачары ушул жылдын 31-августунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0