18:46 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Раскрытая книга

Тынчтыкбек Нурманбетов: Кийинки жылы кыргыз китептеринин сериясы басылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
211 0 0

КР Жогорку Кеңеши 2011-жылы кабыл алган чечимге ылайык, 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. Бул күнү, 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келсе, улуу акын, котормочу Алыкул Осмонов дүйнөдөн кайткан.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Кыргыз улуттук адабият күнүн утурлай Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов менен маек курдук.

Заместитель председателя Союза писателей Кыргызской Республики Тынчтыкбек Нурманбетов
© Фото / Расул Усеналиев
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов
— Учурдагы кыргыз адабиятынын абалы кандай? Адабият айдыңында салмактуу кандай чыгармалар жарык көрүүдө?

— Кудайга шүгүр, адабияттын абалы жакшы. Эски салтын улантып келатат. Үстүбүздөгү жылдын 14-17-ноябрында канатташ Казакстандын Алматы шаарында эл аралык үчүнчү "Ачык Борбордук Азия" деген фестиваль өттү. Фестивалга Эл жазуучубуз Казат Акматов баштаган жазуучулар катышты. Бүайша Арстанбекованын да "Курманжан датка" поэмасы фестивалда экинчи орунду жеңип алды. Бул кыргыз адабияты үчүн жакшы жаңылык. Акын кызыбыздын бул поэмасы эми англис тилине которулуп, кийинки жылы Англиянын абройлуу басмаканасынан жарык көргөнү турат. Ошондой эле кыргыз адабиятына тиешелүү жакшы жаңылык катары Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин белгиленишин айтсак болот. Демократ акындын мааракеси жалпы түрк тилдүү мамлекеттерде бир жыл бою белгиленди. Бул иш чаранын алкагында Токтогул Сатылганов тууралуу буга чейин белгилүү болбогон бир топ фактылар ачылып, Сибирден кайтып келе жаткандагы күндөрү жөнүндө да абдан баалуу маалыматтар тастыкталып, алар китеп болуп чыкты. Токтогул Сатылгановдун мааракесине арналып, жалпысынан 15тен ашык китеп чыгыптыр. Алардын ичинен адабиятчы Омор Соороновдун “Биз билген жана биз билбеген Токтогул” аттуу китеби демократ акындын өмүрүнө байланышкан архивдик материалдарга негизделип жарык көрдү. Улуу акындын мааракеси ушул жылдын 17-октябрында Токтогул районунда болгон иш чара менен жыйынтыкталды. Токтогул атабыздын чыгармачылыгын иликтөө, аны окуп үйрөнүү жаңы баскычка көтөрүлдү.

— Албетте, китептерди басып чыгарып, аны калың элдин катмарына жеткирбесе, унутта калат. Учурда кыргыз китептерин басып чыгаруу иштери кандай?

— Акын-жазуучулар өз дараметтерине жараша китептерин жазып, өздөрү басмадан чыгарып, таркатып атат. Бирок алардын сапаты, маңызы башка маселе. Быйыл "Кыргыз китеп" деген жаңы мамлекеттик ишкана ачылды. Бул ишкана менен жазуучулар биргеликте иштеп жатат. Кийинки жылы кыргыздын белгилүү жазуучулары Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Касымалы Жантөшов, Зуура Сооронбаеванын толук чыгармалары атайын жыйнак болуп чыгат. Себеби бул жазуучулардын чыгармаларына болгон элдин кызыгуусу али күнгө чейин тарай элек. Ушул мүдөөлөрдү, талаптарды эске алып, буюрса кайрадан басып, мамлекеттин бардык аймагына таратып берилгени турат.

Дагы баса белгилей кетчү жаңылыктардын бири – мамлекеттик тилди, кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк адабияттын классикаларын басып чыгаруу боюнча мамлекет тарабынан 243 миллион сом бөлүндү. Кыргызстан эгемендигин алгандан бери кыргыз китептерин басып чыгарууга мынчалык камкордук көрүлгөн эмес. Мына ушул мүдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик тил комиссиясы, Жазуучулар союзу, президенттин алдындагы "Мурас" коому, Билим берүү, Маданият министрлиги биргеликте иштеп жатат. Бул каражатка Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну үчүн керек болгон ар кандай жанрдагы чыгармаларды кыргыз тилинде басып чыгаруу аракеттери колго алынууда.

— Албетте, классикага айланган кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кайтадан басып чыгаруу жакшы демилге. Ошентсе да жаш акын-жазуучуларды колдоого алыш керек да. Улуу муундун ордун басар таланттуу жаштар тарбияланышы керек ко…

— Туура, жаштарды тарбиялап, кыргыз журтчулугуна салмактуу чыгармаларды сунуштоо да башкы милдеттердин бири. Учурда жаш акын-жазуучулар чыкпай калды, алардын деңгээли төмөн деп айтууга болбойт. Алдыга суурулуп чыгып, өз эмгектери менен таанылган жаштар көп. Бул жаатта уучубуз куру эмес. Мамлекеттин 20 жылдыгына карата "Кыргыз адабияты" деген 10 томдон турган антология чыкты. Акыркы тому мына ушул жалаң жаштардын чыгармачылыгына арналган.

— Адабий чыгармалар жеткинчектердин дүйнө таанымын, алардын аң-сезимине таасир берери анык. Айтайын дегеним, Кыргызстан эгемендик алгандан бери кайсыл акын-жазуучулардын чыгармалары мектеп программасына киргизилди?

— Адабият деген өзү мамлекеттин жүзү, үнү. Ошол элдин үрп-адаты, каада салты, тарыхы, санжырасы ушул адабият аркылуу таанылат. Адабият өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялайт. Адабияттын негизги вазыйпасы адамдын жандүйнөсүн тазартуу аркылуу мамлекеттик мүдөөнү, мамлекеттик идеологияны алып жүрүүчүлөрдүн көч башында турат. Эгемендик алгандан кийин окуу программасына Казат Акматов, Шайлообек Дүйшеев, Сагын Акматбекова жана Аман Саспаевдин чыгармалары билим берүү академиясынын программасына кирип окутула баштады. Чыныгы нукура көркөм табылга деген талапка жооп берген, адамдын жандүйнөсүн, өзгөчө жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо жан азык болор чыгармалар тандалып алынган. 

— СССР маалында чет элдик чыгармаларды кыргыз тилине которуп, аны менен коомчулукту тааныштырып келишкен. Азыр котормо жааты кандай абалда?

— Дүйнөлүк чыгармалардын үлгүлөрүн которуу боюнча сынак жарыяланган. Бул сынакка 13 кол жазма келип түшкөн. 9 адамдан турган калыстар тобунун мүчөсү келип түшкөн котормолорду карап, алар сынактын талаптарына туура келбейт деп чечим кабыл алган. Биринчиден, алар колуна тийген чыгармаларды эле которуп салган. Экинчиден, котормолор дүйнөлүк адабияттагы классика деп саналбайт. Буга чейин Салижан Жигитов Пушкиндин жомокторун которгон. Анын котормосу түп нускага абдан жакындап, Пушкин бул чыгармасын кыргызча жазгандай эле таасир калтырган. 

Мамлекет кыргыз китептерин басып чыгаруу боюнча 243 миллион сом бөлдү. Мына ошонун алкагында кийинки жылы мурда которулуп, бирок коомдун калың катмарына жетпей калган мыкты котормолорду кайтадан басып чыгарууну пландап жатабыз. Кийинки жылдары дүйнөлүк классика саналган бир эле чыгарманы бир канча котормочуга берип, анын ичинен жакшысын тандап алуу иштери жасалат. 

— Кыргыз чыгармаларын башка тилдерге которуу иштери кандай болууда?

— Мына Казак Акматовдун "Архат" чыгармасы, Бүайша Арстанбекованын "Курманжан Датка" поэмасы англис тилине которулуп атат. Мурда кыргыз чыгармалары орус тилине которулуп келсе, учурда кыргызстандык жазуучулардын чыгармалары түрк тилине көп которулууда. Бизде Мукан Асаналиев деген котормочу бар. Ал англисчеден тикелей кыргызчага, кыргызчадан тикелей англис тилине которот. Жакында анын "Британия кайрыктары" деген котормосу чыкты. Бул эмгегинде кыргыз акындарынын чыгармаларын англис тилине которуп берген. Муну британ окурмандары жылуу кабыл алды деп атышат. Эми англис тилиндеги жакшы чыгармаларды кыргыз тилине котортолу деп атабыз.

Чыгыш адабиятынан Кубанычбек Пазылбеков күн чыгыш адабиятынын классикаларын которууда. Бишкекте Иран Ислам Республикасынын маданиятты өнүктүрүү борбору бар. Жакында эле кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын иран тилине жана иран жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которуу боюнча меморандумга кол койдук. Котормо жагын да колго алып жатабыз. Себеби адабият эки элге данакер эмеспи. 

— Учурда мамлекет тарабынан жазуучуларга кандай жардамдар берилип жатат. 

— 2000-жылдардан кийин жазуучуларга айлык берилбей калган. Ошентсе да мамлекет жазуучуларды талаага таштап койду дегенге болбойт. Мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамдар берилип келет. Мурдагы Адабий фонд сакталып, ушул фонд азыр акын-жазуучуларга жардам берип келет. Азыр адабий фонддун Арашан айылында "Арашан" чыгармачылык үйү бар. Ал жакта чыгармачыл кишилердин жыл бою бир айдан эс алып, чыгармачылык менен алектенишине шарт түзүлүп берилген. Баары бекер. 60 адамга ушул адабий фонд аркылуу ай сайын 1000 сомдон стипендия берилет. Адабий фондду маалында сактап калган жана 60 кишиге стипендия төлөп берип келе жаткан фонд жетекчиси – өлкө президенти Алмазбек Атамбаев. Бизге чыгармачылык менен алектене турчу үйдү, жазуучулар союзу отурган имаратты кармап турууга жардам берип келет.

Тема боюнча

Кыргыз эл акыны Аалыны эл эмгегинен эскерет
Айкөл жөнүндө жарым миллион сап
Белгилер:
Төлөгөн Касымбеков, Аман Саспаев, Сагын Акматбекова, Салижан Жигитов, Мукан Асаналиев, Чыңгыз Айтматов, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ