Sputnik Абхазия Республикасында сайтын жана радиоуктуруусун ишке киргизди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПрезентация крупнейшего международного информационного бренда "Спутник"
Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik мультимедиалык хабы Абхазияда эки тилде – орус жана абхаз тилинде иш жүргүзмөкчү.

"Россия сегодня" мультимедиалык Sputnik брендинин бет ачарын жасады
БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Sputnik мультимедиалык хабы Абхазия Республикасында сайтын жана радиоуктуруусун ишке киргизди.

Sputnik-Абхазия мультимедиалык хабы — бул республикадагы ири медиадолбоор болуп саналат. Ал күнү-түнү режиминде орус жана абхаз тилинде өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар туурасында объективдүү маалыматты ар кайсы форматтагы жаңылыктар түрүндө берип турмакчы. 

"Абхазиядагы Sputnik — бул жергиликтүү медиа-аймакта буга чейин болбогон жогорку сапаттагы маалыматтык продукт болуп саналат. Бул – бирдей аталыштагы маалыматтык портал жана радио. Аларды ишке киргизүү үчүн биз дээрлик бир жыл бою иштедик жана долбоорду, ошондой эле абхаз жана орус тилиндеги аккаунттарыбызды Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндө өнүктүрүү боюнча аракет кылып жатабыз", — деп билдирди "Sputnik-Абхазия" жетекчиси Инал Лазба.

Азыркы тапта "Sputnik-Абхазия" мультимедиалык хабында 20га чукул кабарчылар, редакторлор, дизайнерлер жана менеджерлер иштешет. 

"Россиялык кесиптештерибиз менен пикир алмашуу бизге заманбап журналистикадагы жаңы багыттарды өздөштүрүүгө жардам берди", — деди Лазба.

Журналисттер менен редакторлор окутуу курстарынан өтүп, эми жаңы технологияларды колдонуу менен медиапродуктуларды жаратуунун үстүндө иш алпарышууда. 

"Sputnik-Абхазия" порталы абхаз окурмандары үчүн керектүү жана актуалдуу болгон өлкө ичиндеги гана эмес, дүйнөдөгү да окуялар жөнүндө маалыматтарды чагылдырып турат. Андан тышкары, портал Россияга жакын жайгашкан аймактардагы, анын ичинде Түндүк Кавказ республикаларындагы маалыматтарга басым жасайт. "Sputnik-Абхазия" хабынын уникалдуулугу – анын контентти эки тилде – орус жана абхаз тилинде даярдап чыгаргандыгында турат. 

"Улуттук тилдеги версия Абхазиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына шайкеш келет. Sputnik агенттиги абхаз журналистикасынын, ошону менен бирге абхаз тилинин өнүгүүсүнө да өз салымын кошот", — дейт Лазба.

"Sputnik-Абхазиянын" радиоберүүлөрү өлкөнүн калкынын 70% камтыйт. Орус жана абхаз тилиндеги уктуруулар Сухумда, Гаграда, Гудаутта, Очамчирде жана Галеде ишке ашырылат.

"Келечекте биз берүүлөрүбүздү Абхазиянын жалпы аймагына жайылтмакчыбыз", — деди "Sputnik-Абхазиянын" жетекчиси.

Азыркы тапта радиостудия, басма сөз борбору жана редакция жайгаша турган студиялык комплекстин курулушу башталды. 

"Онлайн конференцияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү болгон басма сөз борбору Абхазиянын, Россиянын, ошондой эле дүйнөнүн башка мамлекеттеринин эксперттик коомчулугунун аралыктан баарлашуусун камсыздаган өлкөдөгү алгачкы аянтча болмокчу. Sputnik Абхазия жөнүндө объективдүү маалыматты бүткүл дүйнөгө бере турган болот", — деп баса белгиледи Лазба.

Студиянын курулушу аяктагандан кийин Sputnik алдыңкы абхазиялык саясатчыларды, эксперттерди, коомчулуктун өкүлдөрүн жана журналисттерди катыштыруу менен маалыматтык жана аналитикалык мүнөздөгү жеке радиопрограммаларын даярдоого киришет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0