Президент телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин куттуктады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрхив: телестудия
Архив: телестудия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Кыргызстандын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы телекөрсөтүү менен радио кыргызстандыктардын күндөлүк турмушуна терең аралашып, маалымат алуунун булагына, коомдук пикирди калыптандыруунун натыйжалуу аспабына айланып калгандыгын айтты. 

"Сиздердин милдет — бийлик менен коом ортосундагы диалогду камсыздоо, элдин кызыкчылыктарына кызмат кылуу, өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту, жалпы адамзаттык руханий жана маданий баалуулуктарды сактоо", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Президент тынчтыкты жана элдердин ынтымагын сактоодо, өлкөнүн келечеги көбүнесе журналисттердин кесипкөйлүгүнө, жоопкерчилигине жараша болорун айтат.

"Сиздер турмушту ар дайым объективдүү чагылдырууга умтуласыздар, көрөрмандардын жана угармандардын чындыкка жана калыс маалыматка болгон укугун туу тутасыздар деп ойлойм", — деп айткан президент.

Мамлекет башчысы журналисттер менен максаты бир экендигин айтып, ал — мамлекеттүүлүктү бекемдөө, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, күчтүү жана өнүккөн мамлекет куруу үчүн Кыргызстандагы бардык салабаттуу күчтөрдүн башын бириктирүү экендигин кошумчалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0