21:35 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Эльдар Рязанов

Рязанов оор абалда кайрадан реанимацияда деп билдиришет дарыгерлер

© Sputnik / Григорий Сысоев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
2 0 0

Белгилүү режиссер 24-ноябрда Бурденко атындагы ИИИге жаткырылган. Институттун өкүлү кечээ Рязанов жалпы палатадан кайра реанимацияга которулганын билдирди.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Россиялык кинорежиссер Эльдар Рязановдун абалы начарлап кетип, ал жалпы палатадан кайра реанимацияга которулду. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышууда деп билдирди жекшембиде РИА Новости, Бурденко атындагы ИИИнин өкүлүнө таянуу менен.

Белгилүү режиссер 24-ноябрда Бурденко атындагы ИИИге жаткырылган. Саламаттык сактоо департаментинде ал күнү оорулуунун абалы туруктуу деп билдиришкен, ал эми эртеси ИИИнин дарыгерлери Рязановдун абалы оор деп баалашты. Өткөн жумада Бакулев атындагы жүрөк-тамыр хирургиялык борбордун профессору, мурда кинорежиссерду операция кылган Баграт Алекян оорулууга келип кеткен. Алекян менен сүйлөшүүдөн кийин борбордун башчысы Лео Бокерия режиссёрдун абалы боюнча илгери үмүт жакшы божомолдоолорун билдирген. Ушул жумада Рязанов жалпы палатага которулган. 

"Кечээ ал төртүнчү бөлүмдөгү палатага которулган эле, ал төшөктөн турбашы керек эле, абалы жакшы болчу. Бүгүн кайра реанимацияда жатат. Абалы оор", — деди агенттиктин маектеши.

СССРдин Эл артисти Эльдар Рязанов — россиялык жана советтик кинорежиссёр, сценарист, актёр, педагог, теле алып баруучусу, жазуучу, акын драматург, продюсер. Азыр ал 87 жашта.


Белгилер:
Бакулев атындагы жүрөк-тамыр хирургиялык борбору, Бурденко атындагы ИИИ, Лео Бокерия, Баграт Алекян, Эльдар Рязанов, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ