Иркутскиде Кыргызстандын маданий күндөрү өттү

Жазылуу
Иркутскинин интеллигенциясы кыргызстандыктардын улуттук искусствосу менен жакындан таанышты.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Ноябрдын аягында Иркутскиде  (Россия) кыргыздын улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү өттү.   

Тарых музейиндеги "Энесай кыргыздары" көргөзмөсү декабрга чейин уланат
Анын расмий ачылышында  КРдин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев, акын Токтогулдун небереси Молдожан Токтогулов жана Иркутск облусундагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери сөз сүйлөштү. 

Аталган салтанаттын ардактуу меймандары Монголия менен Кореянын  башкы консулдары, о.э. Иркутск областынын чыгармачыл жана адабий интеллигенциясынын өкүлдөрү Россия ТИМинин  өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана Иркутск облусунун улуттук-маданий автономияларынын жетекчилери — бардыгы 300дөн ашык адам болду.  

Салтанатты "Доор" элдик-этнографиялык ансамблинин, "Ак-Марал" Мамлекеттик бий ансамблинин, ата мекендик жана кыргыз эстрада ырчыларынын, төкмө акындардын жана манасчылардын концерттик программасы коштоду. 

Андан тышкары, кыргыз элинин тарыхы, маданий каада-салттары жана диний ишенимдери жөнүндөгү темаларда окурмандар жана радио угуучулар менен түз байланыш болду. 

Кыргыздын улуу акыны Токтогул Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгы,  тарыхый эстеликти Иркутск облусунда  сактап калуу жөнүндө да кеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0