10:39 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Празднования Дня независимости Киргизии

Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

© Sputnik / Владимир Пирогов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
8310

Боз үй Кыргызстан менен Казакстандын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча бөлүмүнүн (UNESCO) материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталды.

БИШКЕК, 27-ноя — Sputnik. Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине 6-ноябрда катталды. Мындай чечим Франциянын Париж шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 9-жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, көчмөн элдин боз үйү Кыргызстан менен Казакстандын бирдиктүү аракети менен "Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттык белгилери" аттуу бирдиктүү номинация менен каттоого алынды. Ал үчүн 170дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү добуш беришкен.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 9-жыйынына КСДП фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков, Жогорку Кенештин депутаты Эсенгул Исаков катышууда.

Эске салсак, ЮНЕСКОнун бул тизмесине Сулайман-Тоо, "Манас" үчилтиги, шырдак, ала кийиз кирген. Ошондой эле, Улуу Жибек жолунда жайгашкан байыркы Суяб, Баласагын шаарлары адамзаттын маданий мурастары деп табылып, каттоого алынган.

Тема боюнча

Айкөл жөнүндө жарым миллион сап
Белгилер:
Сулайман-Тоо, Эсенгул Исаков, Чыныбай Турсунбеков, UNESCO, Боз үй, Манас, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ