Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАрхив: Студенттер лекциянын алдында.
Архив: Студенттер лекциянын алдында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башкы Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, Мамлекеттик башкаруу академиясына жаңы ректор дайындалды.

Нарындагы Борбор Азия университети 2016-жылы ачылат
БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Алмаз Насыров КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал эми президенттин башка жарлыгына ылайык, Чыңгыз Шамшиев аталган окуу жайдын ректорлук кызматынан бошотулду.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Чыңгыз Шамшиевди кызматынан кетүүгө мажбурлашкан. Анын кызматтан кетүүсүнө нааразы болгон 30 кызматкер да иштен кетүү тууралуу арызын жазышкан.

Чыңгыз Шамшиев КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын 2012-жылдын апрель айынан бери башкарып келген.

Ал франциялык экономикалык ассоциациянын жана Шарль Жид атындагы Экономикалык ойлорду изилдөө ассоциациясынын мүчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0