Султан Жумагулов КТРКнын башкы директорлугуна шайланды

© Фото / Пресс-служба КТРККТРКнын башкы директорлу Султан Жумагулов
КТРКнын башкы директорлу Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын байкоочу кеңеши шайлоонун жыйынтыгы менен корпорация жетекчилигине Султан Жумагуловду тандады.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. КТРКнын Байкоочу кеңеши өткөргөн шайлоодо Султан Жумагулов баарынан көп добуш алып, башкы директор болуп шайлангандыгын телекорпорациянын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгы боюнча Султан Жумагулов 12 добушка ээ болду, ал эми эки добушту байкоочу кеңештин мүчөлөрү Абдыкадыр Султанбаевге беришти. Ошентип, КТРКнын башкы директорлугуна Султан Жумагулов шайланды.

"Мен өзүмө жүктөлө турган жоопкерчиликти толук тушүнөм жана сиздердин, коомдун жана КТРКнын үмүтүн актоого бардык күч-аракетимди жумшайм", — деди Жумагулов.

Шайлоо төрт баскычта өттү. Үчүнчү баскычта талапкерлер КТРКны өнүктүрүү жаатында өз программалары боюнча билдирүүлөрдү жасашкан. Шайлоонун биринчи турунда тогуз добуш Жумагуловго жана беш добуш Султанбаевге берилген.

Султан Жумагулов 1959-жылы туулган. Жусуп Баласагын атындагы КМУнун журналистика факультетин аяктаган. 1981-2000-жылдары республиканын ар түрдүү гезиттеринде иштеген. Тогуз жыл британиялык ВВС радиосунун кабарчысы болуп эмгектенген. КР президентинин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген, "Азаттык-медианын" директору жана "ЭлТР" телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон, ал эми 2014-жылдын 1-августунан тартып КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0