Казакстанда "Манас" эпосу боюнча эл аралык конференция өтөт

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАрхив: Саякбай Каралаев
Архив: Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференцияда кыргыз жана казак манасчыларынын аткаруусунда «Манас» дастанынан үзүндүлөр айтылат.

БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Бүгүн, Казакстандын Алматы шаарында Аль-Фараби атындагы Улуттук университетинде «Манас» эпосун изилдөөдөгү казак окумуштууларынын ролу» темасында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык маарекесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болот.

Конференциянын максаты — кыргыз жана казак элдерин «Манас» дастанында чагылдырылган окуялар менен тааныштыруу, казак окумуштууларынын «Манас» эпосун изилдөө жаатында кошкон салымын белгилөө болууда. Кыргызстандан бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун өкүлдөрү катышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияда кыргыз жана казак манасчыларынын «Манас» дастанынан үзүндүлөр катышуучуларга тартууланат. 

Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар Кыргызстанда да өтүүдө. Жакында эле бул залкар манасчы айткан "Манас" эпосунун якутча котормосунун бет ачары болгон. 

Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанда жашаган кыргыз диаспорасы менен да жолугушмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0