Айкөл жөнүндө жарым миллион сап

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүАрхив: Кыргыз ССРинин Эл Артисти, манасчы Саякбай Каралаев №3 мектеп-интернатынын окуучулары менен.
Архив: Кыргыз ССРинин Эл Артисти, манасчы Саякбай Каралаев №3 мектеп-интернатынын окуучулары менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" эпосунун ар кайсы манасчылардан жазылып алынган 80ден ашуун варианттары бар, бирок, алардын ичинен эң көлөмдүүсү Саякбай Каралаевге таандык.

БИШКЕК, 10 ноя — Спутник Кыргызстан. Бейшемби күнү Улуттар Академиясында "Саякбай Каралаев – ХХ кылымдын улуу манасчысы", – деп аталган илимий-практикалык конференцияда "Манас" эпосунун төрт томдугунун толук версиясын көрсөтүштү. 

Илимий-практикалык конференция улуу манасчынын 120 жылдык юбилейине карата уюштурулуп, ага аталган академиянын президенти Абдыганы Эркебаев баш болгон кыргызстандык окумуштуулар, манасчылар жана манас изилдөөчүлөр катышты. Бул туурасында Илимдер Академиясынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Иш-чарада салтанаттуу түрдө эпостун төрт томдугу: "Манас", "Семетей" жана "Сейтектин" жүз ачары жасалды. Төртилтик 1000 нуска менен Бишкек шаарындагы "Турар" басмаканасынын жеке каражатына басылган. 

Улуу манасчы өмүрүнүн аягына чейин Илимдер Академиясы менен тыгыз байланышта болуп, айтылгандары окумуштуу-манасчылар тарабынан биздин күндөргө келип жетти. Көп жылдык мээнет текке кетпей, Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгы китеп болуп чыккан. Анын баш сөзүн жазган алп жазуучу Чыңгыз Айтматов кыргыздардын эпикалык искусствосун сактап калып жана андан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген.

ИАнын вице-президенти, академик, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев китептин басмага узак жылдар бою даярдалгандыгын айтты.

"Манас" эпосунун ар кайсы манасчылар айткан 80ден ашуун варианттары бар, бирок, алардын ичинен эң көлөмдүүсүн Саякбай Каралаев айткан. Бул төрт томдук эпикалык эпос жарым миллион сапка жакын", — деди академик Акматалиев.

Окумуштуу совет мезгилинин учурунда Каралаевдин айтуусунда эпос трилогия болуп басылып, бирок, коммунисттик партиянын идеологиясынан улам, бир топ кыскартылып калгандыгын кошумчалады.

Саякбай Каралаев Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдаштары өздөрүнүн күчү менен Балыкчы шаарына манасчынын айкелин тургузушкан. Ал эми жазуучу Бексултан Жакиев Саякбай Каралаевди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0