Тарых музейиндеги "Энесай кыргыздары" көргөзмөсү декабрга чейин уланат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Энесай кыргыздары" көргөзмөсү
Энесай кыргыздары көргөзмөсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байыркы энесайлык кыргыздардын жашоо мүнөзүн чагылдырган "Энесай кыргыздары" аттуу көргөзмө 25-декабрына чейин болот. Көргөзмөгө энесайлык кыргыздардын күнүмдүк турмушунда колдонулган буюмдары, аскердик жабдыктары коюлган.

БИШКЕК, 3-ноябрь — Спутник Кыргызстан. Көргөзмөгө Орусиянын Красноярск аймагындагы Минусинск (Миң-Суу) музейиндеги Энесай кыргыздарына таандык буюмдар коюлган. Бул экспонаттардын өзгөчө орду бар экенин аталган музейдин жетекчиси Людмила Ермалиева белгиледи.

"Биз Кыргызстанга байыркы Энесай кыргыздары колдонгон айрым буюмдарды алып келдик. Красноярск аймагынан табылган бул буюмдар чындап эле Энесай каганаты болгонун тастыктап турат. Бул буюмдар Кыргызстандын эли, окумуштуулары үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул буюмдар аркылуу ошол убактагы энесайлык кыргыздардын жашоо мүнөзүн, согушта колдонгон буюмдарын биле алабыз ", — дейт ал.

Бул көргөзмөнү уюштурууга салым кошкондордун бири Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Ал өз сөзүндө 7—8-кылымда болгон окуяларга биз XXI кылымда туруп алып саясат жасоого мүмкүнчүлүк болду деди. "Кыргыздар өз тарыхыбызды жакшылап билүүгө азыр жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул экспонанттар Кыргызстанга биринчи жолу алынып келип жатат. Ал буюмдар аркылуу байыркы Энесай кыргыздарынын жашоо мүнөзүн көрсөк болот. Алар чындап эле жогорку маданияттын туу чокусуна жеткенин, билимдүү болгонун жана темирди иштетип, андан жогорку сапаттагы курал-жарактарды жасаганын көрөбүз ", — деди ал.

© Sputnik / Табылды КадырбековБайыркы энесайлык кыргыздардын колдонгон кылычтары.
1/5
Байыркы энесайлык кыргыздардын колдонгон кылычтары.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭнесайлык кыргыздарга тиешелүү ат жабдыктарынын бөлүктөрү менен көргөзмөдөн таанышса болот. Бул үзөңгүлөрдү кыргыздар күнүмдүк турмушунда, согушка аттанганда колдонушкан.
2/5
Энесайлык кыргыздарга тиешелүү ат жабдыктарынын бөлүктөрү менен көргөзмөдөн таанышса болот. Бул үзөңгүлөрдү кыргыздар күнүмдүк турмушунда, согушка аттанганда колдонушкан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Энесайлык кыргыздар кол өнөрчүлүктү жакшы өздөштүргөн. Алардын жасаган буюмдары ошол маалда жогору бааланган ",— дейт Минусинск музейинин жетекчиси Людмила Ермалиева
3/5
"Энесайлык кыргыздар кол өнөрчүлүктү жакшы өздөштүргөн. Алардын жасаган буюмдары ошол маалда жогору бааланган ",— дейт Минусинск музейинин жетекчиси Людмила Ермалиева
© Sputnik / Табылды КадырбековЭнесайлык кыргыз баатырларынын зоот кийимдери, колдонгон курал-жарактары.
4/5
Энесайлык кыргыз баатырларынын зоот кийимдери, колдонгон курал-жарактары.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөргөзмөгө коюлган буюмдар бишкектиктердин жана коноктордун көңүлүн өзүнө бурду.
5/5
Көргөзмөгө коюлган буюмдар бишкектиктердин жана коноктордун көңүлүн өзүнө бурду.
1/5
Байыркы энесайлык кыргыздардын колдонгон кылычтары.
2/5
Энесайлык кыргыздарга тиешелүү ат жабдыктарынын бөлүктөрү менен көргөзмөдөн таанышса болот. Бул үзөңгүлөрдү кыргыздар күнүмдүк турмушунда, согушка аттанганда колдонушкан.
3/5
"Энесайлык кыргыздар кол өнөрчүлүктү жакшы өздөштүргөн. Алардын жасаган буюмдары ошол маалда жогору бааланган ",— дейт Минусинск музейинин жетекчиси Людмила Ермалиева
4/5
Энесайлык кыргыз баатырларынын зоот кийимдери, колдонгон курал-жарактары.
5/5
Көргөзмөгө коюлган буюмдар бишкектиктердин жана коноктордун көңүлүн өзүнө бурду.

Эскертсек, көргөзмөгө байыркы Энесай кыргыздарынын күнүмдүк колдонгон чарбалык буюмдары, согуштук курал-жарактары, азем буюмдары коюлган. Ошондой эле Барсбек кагандын ташынын көчүрмөсү да келген коноктордун назарына коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0