Ак калпакчандар Анжианды аралады… Же эки элдин ынтымагын ким бууп келген?..

© Фото / пресс-служба Генштаба ВС КРКырыгзстандын желегин илип жаткан аскер кызматкеринин архивдик сүрөтү
Кырыгзстандын желегин илип жаткан аскер кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын чакыруусу менен 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып келди. Натыйжада эки өлкөнүн чек ара аймагындагы алты облус кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Колумнист Абдыкерим Муратов кыргыз-өзбек алакасы туурасында жазып берди.

Кайран СССР кыйрап, Борбор Азиядагы жумурткадан жаңы чыккан жөжөлөрдөй болгон эгемен мамлекеттер өз-өз аймагыбызды ток жүгүртүлгөн темир зымдар менен тосо баштаганда, биз, кыргызстандык педагогдор, Өзбекстандын кыргыз мектептерине методикалык жардам берчүбүз деп, Ташкент, Жиззак, Бөкө кыргыздарына бардык. Ал жактагылар бизди аябай ыраазы боло тосуп алган… 

Биз жакында эле кайра кайрылып келебиз деп кеткенбиз… Жакыныбыз улам узай берди… узай берди… Бизди эч ким чакырбады… Биз да басып барбадык, тагыраагы, бара албадык…

Вокзалдагы мигранттардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанга кайткан мигранттарды 155 миң жумушчу орун күтүп турат
Ырас, калп болбосун, бир жолу чакыртпай барыпмын. Сагынасың да, балалыкта, студент чакта көп барчу Анжианга баргым келди, ал жердеги Адабият музейи мени өзгөчө өзүнө тартып турчу. Базар-Коргон райондук милициясынын башчысы Жакыпбек Азизов бир милиционерин кошуп берди, "Аты Икром, Анжиандын Пахта-Абадынан болот, бизге күндө барып-келип иштейт" деди. Эптеп кирип кеттик, киргенибиз курусун, ак калпагым бар эле, ар бир бурулушта милиция кызматкерлери токтотуп, документ сурай берип, кыйнады, кудай жалгап, паспортту Икромга берип койгон элем, ал тигилер менен "өз тилдеринде" сүйлөшө коёт. "Кой, Икром, кетеличи" дедим акыры жадап, чек арадан өтүп гана оор дем алып "ух-х" дедим.

Ошентип отуруп Өзбекстан жабык мамлекетке айланып, мен сыяктанган кыргызстандыктардын сапарын биротоло үзүп салды. Себебин сурасак, бийлик башындагылар "террорчулар ушул жактан келет", "баңгизаттар ушул жактан кирет" дешет имиш. Натыйжада, жүрүп-жүрүп отуруп, Түштүк Кыргызстандын калкы поезд, учак, автобус, автожолдорун Өзбекстан менен өткөрчү, анын баары жабылды. Жалал-Абад – Бишкек темир жол каттамы, Хан-Абад аркылуу өткөн Ош – Жалал-Абад автожолу, Кокон, Риштан аркылуу өткөн Ош – Исфана, Ош – Баткен жолдору, Анжиан аркылуу баруучу Ош – Кербен – Ала-Бука кара жолдору кан буугандай буулду. 

Өзбекстандын ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан бир да аскердик блокко кошулбаган саясатын улантат
Ал эле эмес, чек ара сызыктары бир айылды экиге бөлүп, ары жагында бир тууганы, бери жагында бир тууганы, эки жакта куда-сөөктөрү калып калды. Өзбекстандан бир күндө миңдеген мандикерлер келип, Кыргызстандын талааларында иштеп жанын бакчу – алардын каттамы чорт кескендей үзүлдү.

Ошентип кечип аткан дайрасы бир, ичип аткан суусу бир кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын кылымдар бою калыптанып келген алака-катышы автомат менен чек кайтаргандардын сүрүнөн улам белгисиз жылдарга сүрүлүп калган…

Мына ушул сүрүлүүнүн күнү бүтүп атканбы, айтор, ушул айда эки өлкөнүн ортосунда жазгы күн күркүрөгүндөй жаңылык болду…

Ал кайсыл жаңылык дебейсизби?!.

Күркүрөгөн күздүн күнүндө, 1-октябрга карата "келип чай-пай ичип кеткиле, канча болсо да келе бергиле" деген экен, Ошко чогулган 130 киши чек ара бекетинен өтүп, ары эки кадам турган Анжианга кирип барышты. Баргандардын кызматтары да чоң: кыргыз өкмөт башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашев, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Жалал-Абад облусунун жетекчи орун басары Мамасалы Акматов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Буларды тосуп алгандар да жалаң биринчилер: Анжиан облусунун хокими Шухратбек Абдурахманов, Наманган облусунун хокими Хайрулло Бозаров, Фергана облусунун жетекчиси Шухрат Ганиев.

Тик учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Кыргызстандын аймагынан учуп өтүүгө уруксат сурады
Ал гана эмес бир убакта жакшы тилек-ниет менен коюлган Кара-Суу району менен Кожо-Абад району чектешкен жердеги "Дустлик" – "Достук" (кийин базар болгон, азыр эми чек ара посту туруп калган) бекетинен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр тосуп алды. 

Эки элдин сагынычы өзгөчө, биздикилер Бабыр багындагы "Бабыр жана дүйнө" музейине зыярат кылып, Фергана өрөөнүнүн не бир дүйүм тамактарынын көргөзмөсүн көрүштү, Анжиан мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу уюштурулду, ал жердеги кыргыз филологиясы факультетинин студенттери кыргызча концерттерин берди, комуз менен дутар бир күүнү ойноду. Анжиандык кыргыздар менен бетме-бет сүйлөшүүлөр болуп, "Достук" үйүндө, Маданият сарайында шаңдуу кабыл алуулар өттү. Облус хокими Шухратбек Абдурахманов "урматтуу премьер-министрибиз жана президенттин милдетин аткаруучу Мирзиёев Шавкат Миромонович бүгүн эртең менен телефондон сүйлөшкөнүбүздө да "кыргыз боордошторду өтө жылуу, жарык жүз жана ачык-айкындык менен тосуп алгын" деп эскертти", — деп айтканы болочокто байланыш жакшы болорун боолголотуп, кыргыз коноктордун ишенимин арттырды.

Сый ээлери кошуналарды жаңы эле реконструкцияланган темир жол бекетине алып барып Өзбекстандан чыккан тез жүрөр электр поезддерин көрсөттү, Олимпиада-2016 мелдешинин жеңүүчүлөрү менен сукбатташты.

Ал күндүн эң мыкты окуясы Икрамов белгилегендей эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин жаңы формасы, жаңы импульсу катары – жаңы меморандум кабыл алынды. 

Эмне болуп кетти?

Бул суроону бергендер эки өлкөдө да, башка өлкөлөрдө да көп. Ташкент кантип эле ушинтип калды? Өзбек бийлигин бир убакта мыкчып кармап, кийин-кийин таажыны алдырып койгон, азыр президенттик шайлоодо эң көп добуш берүүчү "водийликтерди" (Фергана, Наманган, Анжиан облустары) колго алуунун кыйтыр амалы дегендер да бар. Чын эле эми эки өлкөдө калган Фергана өрөөнүнүн кыз алышып, кыз беришкен калкы ары-бери эркин өтүп калышабы? Анжиан менен Ферганага Ноокаттын алмасы менен картошкасы, Алайдын кымызы менен куруту, Баткендин өрүгү, Кадамжайдын гиласы, Арсланбаптын жаңгагы кадимкидей өтүп, Өзбекстандын жашылча-жемиштери Кыргызстанды аралайбы? Ишениш да кыйын! Ишенбейин десең, Европада мамлекеттер ушинтип эле бир акча чыгарып, чек арасын алып таштады!.. 

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев EurasiaNet "Чойхона" блогу жазганга караганда парламентте чыгып сүйлөп, тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарынын бири кошуна мамлекеттер менен мамилени өнүктүрүү экендигин жар салган. Ага өз багыты менен эч кимди карабай кеткен Түркмөнстан, мунайга жана башка кендерге, талаа-түздөргө бай Казакстан, суу ресурстары жана жайыттары көз кызарткан Кыргызстан менен Тажикстан кирет. 

Чек арачылардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы 23 талаш тилке иликтенди
Мирзиёев айткандай болуп 29-сентябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Душанбеге барып, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен эзелки достордой ортодо Рогун ГЭСине байланыштуу таарынычтар да унутулгандай жылуу сүйлөштү.

Мирзиёев 22-сентябрда Казакстандын премьер-министринин орун басары менен да эки тараптуу соода-сатык мамилелери багытында иш-аракеттерди талкуулашты, бир тарап Ташкентте, экинчи тарап Астайда базарларыбызды ачабыз деп чыгыш элдери үчүн эң маанилүү долбоор боюнча кол алышты. Өзбекстан үчүн чирип аткан жашылча-жемишин эми ЕАЭБдин мүчөсү болгон Казакстанга, андан ары Россияга экспорттой алуу мүмкүнчүлүгү ачылганы турат. 26-30-сентябрда Алматы шаарында өзбек-казак комиссиясы ийри отуруп, түз чечимге келгенин, эми эки мамлекеттин ортосунда талаштуу жер болбостугун, чек аралар толук такталгандыгын "zakon.kz" жазып чыкты. Кудай кут кылсын!

Кыргызстан менен мамилени да жөнгө салып, "басып алган" Унгар-Тоону бошотуп берди, ал жерден "колго түшүрүп" кеткен техникалык кызматкерлерди кайра үйлөрүнө узатып койду. Эки жакка жеке кишилерди чек ара бекеттери менен өтүүгө уруксат кылды. Албетте, Кыргызстандын ичинде Шаймарден жана Сох анклавы бар Өзбекстан үчүн биздин өлкө менен мамилеси түз болмогу ийги.

Бул жакындоолор Ислам Каримовдун керээзи беле, же Россиянын сунушубу, же элдин талабыбы, же жаңы жетекчилердин акыл-оюнун жемишиби – азырынча түшүнүксүз. Лекин, туура кадам болду. Эң негизгиси, карапайым эл үчүн! 

Жаңылыктар түрмөгү
0