Талаада калдым, жардам бере аласызбы? Мигранттардын пейили

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБазарда соода кылган кыздын архивдик сүрөтү
Базарда соода кылган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Алия Раимбекова кайрадан эле Астана шаарынын четиндеги "Шанхай" базарында эмгектенген КР мигранттары оор абалга туш болгон кыргызга кандай жардам көрсөтүүгө даяр экенин баамдап көрдү.

Чындыгында кыргыздар жөнөкөй жана момун эл. Муну Астана шаарындагы "Шанхай" базарындагы эмгек мигранттары дагы бир жолу тастыктады. Аталган базарда эмгектенгендердин дээрлик 70 пайызы кыргыздар. Алар жумушу жок жана акчасын уурдатып ийген кыргызга кандай жардам берүүгө даяр экенин билүү үчүн атайын эксперимент жүргүзүп көрдүм. Жыйынтыгы мен күткөндөн ашып түштү. 

Базардагы ишчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астананын "Шанхайын" мекендеген кыргыздар же базарга байланган жашоо
Буга чейинки баянымда белгилегендей, базардагы мигранттар кыргыз экениңди билгенге чейин казакча сүйлөшөт. Ошондуктан "Сиз Кыргызстандансызбы?" деп суроого туура келет. Контейнерлерди аралап жүрүп, жашы 35 чамаларындагы мырзанын жанына бардым. Жумуш таап берерин айтып, мени Астанага чакырган кишинин телефону өчүк болуп жатканын, анысы аз келгенсип капчыгымды акчасы менен жоготуп алганымды айттым. "Ий, жаман болгон турбайбы. Базарда сатуучу издегендер болуп калат. Сатканыңа жараша күнүнө 2 миң теңгеден жогору төлөшөт", — деп жооп берди. Материалдык жактан кандай жардам бере ала турганын сурасам, темир контейнерде тизилген кийимдерге бир көз чаптырып алды да, "байпак-сайпак десен берейин" деди. Бир байпак болсо да жардам берүүгө ниети бар экенин көрүп сүйүндүм. Ага эксперимент жүргүзүп жатканымды айтып, жолумду уладым.

Экинчи контейнерге кирсем, жашы 45 чамасындагы аял киши ары карап отуруп алып, тамак жеп жатыптыр. Базарда иштегендер таң атпай ачкарын жумушка келип, базарда тамактанарын жакшы билем. Анткени студенттик кезде базарда иштеген туугандарга кол кабыш кылган күндөр болгон. "Эже, саламатсызбы? Жакында эле келдим Астанага, жумуш бар деген адамды таба албай атам. Акчамды, документтеримди да уурдатып алдым. Кыргыздар жардам берет дегенинен келдим. Кыргызстанга кантип кетеримди билбей турам", — десем, "сен Кыргызстанга кайтпай эле бул жакта иште. Бул жактагы (колу менен оң тарапты жансап) бир кафеде иштеген кыргыз кыздарга барып, менин атымды айтсаң, жумушка алышат", — деп калды. Башка кандай жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин сураганымда, ал дагы товарларын карап ойлонуп калды. Эксперимент жүргүзүп жатканымды айтсам күлүп, "жакшынакай эле кийинген кыз экен, бирок жеңил кийинип алыптыр, калың курткадан бирөөнү берсемби деп ойлонуп жаттым эле", — деди. 

Фонтанда ойноп аткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин хлор кошулган суусу даамдуу сезилет… же Астана күндөлүгү
Эксперименттимдин дагы бир катышуучусу жашы 30дан ашып калган бир жигит болду. Ал жигитке эмне себептен кайрылып жатканымды айтканымда, мени Бишкекке кетчү таксилерге салып, жол кирени төлөп коерун билдирди. Ал эми документтеримди тааныш аймактык милиция аркылуу жасатып бергенге даяр экенин айтты. Уккан кулагыма ишенбей "Жол кирени да төлөп кое аласызбы?" — деп тастыктоо иретинде кайра сурадым. Ал тааныш такситтерге айтып коерун, убагында өзү да айдоочу болуп иштеп, акчасы жокторду бекер алып кетип жүргөнүн баяндады. Окуянын эксперимент экенин билген соң ал "акчасы жок Россиядан келип калгандар болот. Сизди да ошолордон го деп ойлодум. Эми кыргыз экен деп жардамдашабыз да", — деп кошумчалады. 

Мигранттардын арасында "сүткө оозу күйүп, айранды үйлөп ичкендер" да жок эмес экен. Жашы 45тердеги бир ялдан жардам сураганымда, "эки колуң, бутуң соо экен, иштеп, акча таап, анан Кыргызстанга кет", — деп балп эттирди. Бул эксперимент экенин ачыкка чыгарганымда, "сени аферист деп ойлодум, анткени, сүйлөгөндө жылмайып жаттың. Минтип келгендер көп. Өткөндө бир кыргыз аял балдары менен жардам сурап келген. Эл колунан келген жардамын берип, жол киресин карматып, балдары менен Кыргызстанга кеткен таксилердин бирине отургузуп койгон жеринен качып кетиптир", — деп кейиди. 

Казахстан менен Кыргызстандын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга барган КР жарандарынын каттоо мөөнөтүн узартуу каралууда
Эксперименттин жыйынгында 10 кишинин ичинен 8и жардам берүүгө даяр экени анык болду. Аталган базарда жаш жигиттерден турган атайын жардам уюштуруу топтору бар экен. Мигранттар көбүнчөсү түрдүү кырсыкка кабылгандар үчүн базардагылардан акча жыйнап, жардам беришерин айтып беришти. Бирок мигранттардын баары эле акчалай жардам бере алышпаса да кеп-кеңештери, жылуу сөзү менен да колдоп турушат экен. 

Мен үчүн бул бир эсе күтүүсүз, бир эсе ич жылыткан көрүнүш болду. "Үйдөн жети кадам узагандан кийин мусапырсың" да. Чет жакта эптеп оокат кылайын деп жүргөн мекендештеримдин соода мурункудай болбой калганына карабастан жардам берейин деген ниети "адамдар бузулду", "пейил кетти" деген сөздөрдү жокко чыгарды. Адамдык пейил, адамгерчилик башкы орунда деген түбөлүктүү принцип кандай гана жашоо болбосун жашай берерине көзүм жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0