05:01 24 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Базардагы ишчи. Архив

Астананын "Шанхайын" мекендеген кыргыздар же базарга байланган жашоо

© Sputnik / Владимир Пирогов
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Алия Раимбекова
113450

Колумнист Алия Раимбекова Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Шанхай" базарында соода кылып күн көргөн кыргыз мигранттарына сырттан көз салып, мекендештердин абалына абай салыптыр. Эми минтип ой толгоосу менен бөлүшүп турган чагы.

Кайсы өлкөдө жүрбө, кыргыздарды издемей адат баарында эле болсо керек. Эки айдан бери Казакстандын борбору Астанада жүрүп, бир да кыргызды жолуктурбадым. Казак кесиптештерден сурасам, аларды базардан табарымды айтышты. Дем алыш күнү түз эле шаардын четиндеги "Шанхай" базарына жөнөдүм. Жарым саат дегенде базарга кирип бардым. Базардын атын угуп алып, "Дордойду" элестетип жатсаңар керек. Андай эмес экен. Тизилген контейнерлер, өтмөктөрдүн үстү ачык. Айрым контейнерлердин маңдайы желим кагаз менен тосулган. Ал кагаздарда чаң аралашкан жаандын суусу мойнундан ылдый куюлганда мындан көрө жамгшырда калсам эмне дейсиң. Айтор, көз алдыма мурунку Ош базар элестеди. "Шанхай" деген жазуу дегеле көрүнбөйт. 

Продавец на рынке Шанхай вблизи Астаны
© Фото / Алия Раимбекова
Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Шанхай" базары

Туулуп өскөн айылыма бараткандай сүйүнүп алгам. Кантсе да кыргыз көрө элегиме эки ай болду. Базарды аралап жүрөм. Кыргыздар кучак жайып тосуп ала тургандай эле сезип барсам, деле бир кыргыз көрүнбөйт. Баары эле кардарлар менен казакча сүйлөшүп жатат. Кесиптештерим тамашалап койгонбу деген да ой кетти. Бир контейнерден жоолуктарга көзүм түшүп кирип барсам, сатуучу кыз телефондон бакылдап кыргызча сүйлөшүп жатыптыр. Кучактап эле эки бетинен эки өөп учурашкым келгенин билдирген жокмун. Сыр бербей жоолуктун баасын сурасам, "250 теңге, оптом баасына берем" деди. Кыргыз экениме көңүл бурган да жок. Кыргызсыңбы, эмне иш кыласын деп сурабай турганын сезип, кепти өзүм баштадым.

"Кыргызсызбы? Канча болду иштегенинизге?" деп суроо салсам, "ишиң канча? дегендей араң башын ийкеп, ууртунан жылмайып койду. Ким билет, мен деле күнүгө жок дегенде 20 кыргызды көрсөм, ошол кыздай эле жылмайып тим болмоктурмун. Жоолукту сатып алдым да жолумду уладым. Базарда кыргыздар мен элестеткенден аз экен деген ой менен баратып, баштык саткан контейнерге баш бактым. Сатуучу бакылдап казакча сүйлөп, кардарга товарын мактап жатыптыр. Бир баштыкты кармалап жатканымды байкаган сатуучу казакчалап баасын айтып калды. Кыргызча жооп кайтарганымы байкаган неме "кыргызча сүйлөдүңүзбү?" деп калды… Кыскасы ошентип таанышып калдык. Ал аңгыча коңшу контейнердегилер жетип келишти. Көрсө мен көргөндөрдүн, казакча сүйлөгөндөрдүн баары эле биздин атуулдар экен. 
Продавец на рынке Шанхай вблизи Астаны
© Фото / Алия Раимбекова
Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Шанхай" базары

Алардын көйгөйлүү маселеси айтпаса деле түшүнүктүү. Иштөөгө уруксат алуу. Мекендештер бир ооздон миграция маселеси чечилбей жатканына нааразылыгын билдиришти. Алар Кыргызстан Бажы биримдигине кирери менен миграция маселеси чечилет деп ойлошконун, бирок маселе курчуп, миграциялык текшерүүлөрдүн саны күчөгөнүн айтып беришти. Бирөөсү миграция кызматкерлери базарга текшерүүгө келгенде соодасын таштай качарын, кармалып калгандарды тигилер машинасына жүктөп алып кетишерин айтып берди. "Мурун акча берип кутулсак, азыр акча да алышпайт. Үч айга каттоодон өткөнбүз. Бирок базарда турганыңар мыйзамсыз дешет", — дейт ал кейип-кепчип. 

Мигранттар Казакстанда каттоодон өткөнү менен базарда мыйзамдаштыруу жолдорун аныктап беришер деп Жогорку Кенештин депутаттарынан үмүт кылып жатканын жашырышкан жок. "Шанхай" базарындагы айрым эмгек мигранттарынын айтуусунда, депутаттар шайлоо алдында гана өкүлдөрүн жиберип, чоң-чоң убадаларды берип, шайлоо бүтөрү менен жоголушат. 

Өлкөбүздү социалдык жарылуудан сактап калган ошол эмгек мигранттары экенин баарыбыз билебиз. Жумушсуздуктун айынан аялдар эмчектеги баласын таштап, өлкөсүнөн миңдеген чакырым алыс жакка барып, эркектери айлап, жылдап бала-чакасын көрбөй, кыштын кычырыган суугунда базарларда иштеп, өлкөбүздү чоң каатчылыктан аман алып калышкан. Ал эми аларды ойлогон аткаминерлердин саны, тилекке каршы, аз. 

Өткөн жумада Казакстан индустриализация программасынын алкагында 30 инвестициялык долбоорду ишке ашырып, миңдеген жаранын жумуш орундары менен камсыз кылды. Россияда казак мигранттарынын саны башкаларга салыштырмалуу аз экени айтылып жүрөт. Анткени казак өкмөтү өндүрүш ишканаларын ачып, элди иш менен камсыз кылуунун аракетинде. Биздин аткаминерлер да ушундай аракеттерди качан көрө баштайт. Казакстандандын мамлекеттик деңгээлдеги талкууларынын темалары инвестиция, экономика, өнүгүү. А биздечи? Депутаттар, депутаттар жана депутаттар. Акыркы күндөрү дегеле аткаминерлердин чын дили менен карапайым элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн иштегенин көргөн күн келеби деген суроо тынчымды алып жүрөт. 

Продавец на рынке Шанхай вблизи Астаны
© Фото / Алия Раимбекова
Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Шанхай" базары

Баса, мен бир кыргыз мигрантка "казакча сүйлөп товарыңарды сатып жатасыңарбы?" десем, "биздин казакча сүйлөгөнүбүз аларга болгон сый мамилебиз" деп оозумду жапты. 

Мигранттардын арасындагы билимдүү жаштар көп экенин байкадым. Мындай билимдүү жаштардын орду бөтөн жердин базарындагы муздак контейнер эмес, өлкөбүздүн болочок өндүрүш ишканаларынын биринде болушу керек деп эсептейм.

Автордун көз карашы редакциясынын пикирин билдирбейт

Тема боюнча

Казакстанда тутанган күйдүргүдөн улам кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл күчөдү
Москвада 200 тигүүчү-мигрант кармалды
Белгилер:
пикир, миграция, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ