Туристтин пулун жакшы тейлеп "саайлы"

Жазылуу
Колумнист Айида Батырбекова Ысык-Көлдө өткөн Түрк кеңешинин III саммитинде түрк боордоштор Кыргызстандын туризм жаатындагы өксүктөрдү дипломаттык жол менен кыйытып, сылык-сыпаа айтышканына күбө болуп келди.

Бишкекте турганым менен өзүмдүн жеке үйүм жок. Бирок шаарда баш калкасыз калуу мүмкүн эмес. Интернетти ача салсаң эле "үйүмдү ижарага берем" деген жүздөгөн саптар жайнайт. Пулуңа жараша чекесинен чертип тандай бер. 

Шаарда ачка да калбайсың, көчө куру эмес кафелер "мага кир, арзан" деп чакырат. Тыйыныңа жараша беш бармактан тарта суши, пахлава, фрикассе сыяктуу экзотикалык тамактарга чейин тандап жей бер.

Эс алуу үчүн шаардын кайсы четине чыкпа, бак-дарактар, шар аккан дайралар көз жоосун алып, жүрөк толкутат. Жайдын аптабында чалкып жаткан Ысык-Көлүбүз бар.

Ысык-Көл демекчи, кечээ "Рух Ордодо" Түрк кеңешинин III саммити болуп өттү. Анда Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия министрлеринин катышуусунда Кыргызстандагы туризм жагдайын талкуулашты.

Саммитке келген коноктор Кыргызстандын кооздугуна комплимент айтуудан тажашкан жок. Дүйнөдө туризм Мекелеринин бири саналган Түркиянын туризм министринин орун басары Хусейин Яман баш болуп Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн эң башкысы сервисти, кыргызча айтканда, тейлөө сапатын гана жакшыртуу керек экенин улам-улам кулакка куюп жатышты. 

Башымды ийкеп отурдум. "Эмнеге?" деген суроону сезип турам. Анда алгач батир, кафелер тууралуу баштаган кебиме кайталы. 

Кир батирлер парады

Путешественники-видеографы из Казахстана засняли красоты Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Казакстандыктар үч күн ичинде Ысык-Көлдөн үч мезгилди видеого тартышты
Бишкекке келгенде курбуларым менен батир издемей көңүлгө көк таштай тийген. Телефон чалсаң "келгиле, көргүлө, квартира жакшы" дешет, сүйүнүп жете барсаң ичинен жагымсыз жыт урат, шкафынын эшиктери сынган, паласынын кири эки эли экенин көрөсүң. Ваннасына баш баксаң, дат баскан. Анан жашоого жайсыз бир бөлмөсүнө уялбай 15 миңден өйдө акча сурашат. Кирсең кир, кирбесең дарбазаны сыртынан жаап кой. "Бизге жарай берет" деген логика да. Иши кылса кардар сасыган үйдө кантип жашаса ошентип жашасын, убагында акча төлөп турса болду. 

Ысык-Көл: эптеп акча "саамай"

Былтыр кесиптештер менен Ысык-Көлдөн жатак үйлөрдү телефондон алдын ала ээлеп коюп, барган элек. Түшкө маал сүйлөшүлгөн дарекке жетип барсак, башкаларга берип салышыптыр. Ошентип көчөдө калып, башка жатак үй издөөгө жарым күнүбүз кеткен. Сунуштардан баш адашат. Бирок барсаң үйүнүн бурчтарын желе баскан же столдору сынык, муздаткычы кир экенин көрүп, улам башкасын издей берип күнүбүз өттү. Мыкты пансионаттарга барсаң деле болот дечи. Бирок, биздин айлык менен алардын баасына түтпөйсүң. 

Тейлөөнү түрктөрдөн үйрөн

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Air Astana кардарларын Бишкектен Ысык-Көлгө чейин бекер алып барат
Бишкектин соода борборлорунун биринде түрктөрдүн кафелери бар. Мыкты тейлешет. Официанттары кол көтөрө электе чуркап келишет. Ысык тамак заказ кылсаң эки пиала чайы, салаты, анан наны бекер. Тамактары даамдуу, порциясы дагы чоң (калганын үйгө салдырып кеттим). Кафенин шефи керсейип отуруп албастан, көпчүлүк баскан кезде кыздары менен кошо жарышып, официант болуп кетмейи бар. Айтса, бир күнү мага алып келген тамагынын тузу өтүп кеткен экен, официантка айтсам кечирим сурап, кайра башкасын алып келип берди. Ыраазы болбоско чараң жок.

Ал эми Түркия мамлекетинин өзүндө тейлөөнүн мыкты экенин фактылар даана тастыктайт. Жыл сайын 38 миллионго жакын — Түркиянын өз калкынын жарымына тете туристтин агылып келиши эле баарын айтып турса керек. Стамбулдагы пансионаттардын биринде алты ай иштеп келген сиңдим ал жакта кардарларга кудайындай мамиле жасашарын айтты. Маселен, конок көлдүн аркы өйүзүнө өтүп кетип, суу же дагы башка нерсени заказ кылса, кызматкерлер артынан жеткирип берүүгө даяр экенин таңыркай кеп кылды. Ал убарасы үчүн акы да алышпайт экен. Кыргыздар үчүн сабак болчу нерсе.

Кыргызстандагы турагенттиктердин биринин сайтынан Түркияга 36 миң сомдук пакет көрдүм. Ал суммага сегиз күн ичинде Түркиянын 10 шаарын көрүүгө болот. Үч жылдыздуу отелде эртең мененки жана кечки тамагы бекер. Дем алыш күндөргө музейлерге бекер билет, орус тилдүү гид жана автобус камтылган. Мындай бааны Кыргызстандын айрым беделдүү пансионаттары менен салыштыруу мүмкүн эмес болсо керек. Биздеги баалар суткасына 250 долларга чейин жетет.

Ушунун баарын көрүп туруп, туризмди өнүктүрүү үчүн Хусейин Яман айткандай, алгач кардарларга бардык шарттарды түзүүнү үйрөнүүдөн баштасак демекчимин. Антпесе, бизде бир-эки айлык сезондо келгендин чөнтөгүн болушунча "саап" алып, андан ары эмне болсоң ошол бол деген ойдун туткунунан чыга албай жатабыз. Эмки жылы да турист, эмки жылы да акча керек да.

Ысык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда туристтик пакет иштемей болду
Ошентсе да кыргызстандыктар тейлөөнү такыр эле билишпейт деген да туура эмес. Кардардын көзү менен тең айланган европалык стандарттарга жакын беделдүү жайлар деле бар. Анысы мындай турсун өлкөнүн түштүк жагына барсаң, тубаса дипломат соодагерлерди базардан эле жолуктурууга болот. "Ака келиң, алың, ичиң", "боптур эми, сиз үчүн өз баасында берейин" дешип кардардын көңүлүн бат эле табышат. "Алсаң ал, албасаң кой" деп куру керсейгендерге караганда ийкемдүү мекендештерибиз кабат-кабат үйлөрдү салып тың жашап жатышат. 

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0