"Остановите на Тоголоке Молдоке" же "биз кыргызча эле сүйлөйбүз" деп жооп бергим келет

Жазылуу
Кыргыз тилинин көйгөйү айтыла жүргөн маселелерди бири. Ошентсе да бул теманы дагы бир ирет козгогон биздин колумнист Алия Раимбекова эгемендүүлүк алгандан берки 25 жыл улуттук аң-сезимибизди күчтөнтүп, кыргыз тилинде таза сүйлөп калуубуз үчүн бул жетиштүү убакыт деп эсептейт.

Айылдын мыкты деген кыргыз мектебин аяктап, борбор шаардагы окуу жайлардын бирине окууга өттүм. Таксиге отуруп, өмүрүмдө биринчи жолу борбор калаага сапар тарттым. Көк тиреген аска тоолорду ашып, түн жамынып шаардагы туугандардын үйүнө кирип бардым. Биринчи жолу узун жол жүрүп, денем эзилип, былк этпей уктапмын. 

Кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жадатма 9 сөз: эме, бар го, ошо-ооо…
Таң атпай короздун кыйкырыгын жана иттин үргөнүн угуп, өңүмбү же түшүмбү деп жаткан жеримен ыргып туруп, эшикке чыксам, баягы мен элестеткен көп кабаттуу үйлөр, заңгыраган асфальт көчөлөр жок. Көрсө мен шаардын четиндеги бир айылга барган экенмин. 

Шаардын жашоосуна көнүп кетүүгө жарым жылдай убакыт кетти окшойт. Шаардын кайсы бурчуна барбайын, билгени да, билбегени да орусча сүйлөгөнүн көрүп, ушундай туура экен деп орусча сүйлөмүш эте баштадым. Орус улутундагы айдоочуга "токтотуп кой" деп айта албай, аялдамасын өткөрүп жибергендерди көрүп, "орус тилин окуп койгонум жакшы болуптур" деп калгам. Мен да кыргыз айдоочуга "токтотуп коёсузбу" дегендин ордуна "остановите" деп калдым. 

Азыр антип айтуудан тартынам. Балким айылдык жаштар шаарга келерибиз менен автоматтык түрдө орусча сүйлөп, өзүбүздү шаардык көрсөткүбүз келеби же орусча сүйлөгөндү мода кылып алабызбы, айтор мындай көрүнүштөргө азыр деле кездешет. Албетте орус тили — улуу тил. Орус, англис, түрк, кытай жана башка тилдерди билиш керек. Бирок кыргыз кыргыз менен кыргызча эле сүйлөшкөнү артык экен. 

Кыргызча китеп окуп, макала жазып кыйратпасак да, күнүмдүк турмушта өз ара эне тилибизде баарлашсак, тилибиздин өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымыбыз ошол деп ойлойм. Кыргызча билем дегеним менен кээде буга чейин укпаган кыргызча сөздөрдү кездештирем. Ошондо билгенимен билбегеним көп экенине күбө болом. 

Кыргыз тили Google Translate тутумуна кирди
Демек, эне тилибизди канчалык деңгээлде билбейли, аны колдонуу маанилүү экендигин түшүндүм. Азыр мен кыргызча көбүрөөк сүйлөп, жазганга аракет кылып жатам. Жөнөкөй угулганы менен улуту ким болбосун, адамдын оозунан чыккан ар бир кыргызча сөз тилибиздин өнүгүшүнө зор салымын кошот деген пикирдемин. Анткени тилди өнүктүрүүгө миллиондогон каражат жумшалса да, эне тилибизде БИЗ сүйлөбөсөк, акчаңдын сууга кеткени кеткен. 

Негизи биз кыргыздар тил үйрөнүүгө шыктуубуз. Арабызда орус, англис, түрк, кытай тилдерин суудай сүйлөгөн, бирок кыргызча эки сүйлөм курай албаган кыргыздар бар. Мындай адамдардын улуттук аң-сезими төмөнбү? Менимче, алар ачык айтпаса да, эне тилин билбегени үчүн өкүнөт болушу керек. Бирок, жакшы иштин кечи жок. Кыргызча эки сөз курай албаган депутаттар деле жыл жыйынтыгында кыргызчаны суудай сүйлөп жатышпайбы. 

Жылуу сөз жыланды ийинден чыгаргандай, адамды алка-жакадан алып, кыргызча сүйлөткөндүн ордуна, ага өзүбүз кыргызча сүйлөгөнүбүз артык. Анткени,муну менен биз бирөөнү басынтып же таарынткан жайыбыз жок, жөн гана эне тилибизде сүйлөшүп жатабыз. Ал эми өзүбүз эки сөздүн бирин орусчалап, түркчөлөп же англисчелеп сүйлөп туруп, тилибиз өнүкпөйт дегенибиз кызык. 

Чыңгыз, сегизөө, бойок, Премьер-министр – ката көрүп жатасызбы?
Кыргызстанга келген чет элдик досторуңар "эмнеге өз эне тилиңерде сүйлөбөйсүңөр" деп айтып эле жүргөндүр. Менден да сурап калышат. Тилекке каршы мен аларда "жок, биз кыпкыргызча эле сүйлөшөбүз" деп кесе жооп бере албайм. Эгемендүү болгонубуздан бери 25 жыл өттү. Улуттук аң-сезимибизди күчтөнтүп, кыргыз тилинде таза сүйлөп калуубуз үчүн бул жетиштүү убакыт деп эсептейм. Чала үйрөнгөн эреже менен "Остановите на Тоголоке Молдоке" дегендин ордуна "Тоголок Молдо көчөсүнөн токтотуп коёсузбу?" десек жакшы эмеспи… 

Жаңылыктар түрмөгү
0