Бүгүнкү каталар эртең гүл көрүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрограмма Албека Ибаримова на экзамене по государственному языку
Программа Албека Ибаримова на экзамене по государственному языку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир канча күндөн бери ар кайсы коомдук баракчаларда, ММКларда шаар башчысы боло турган адамдын кыргыз тилинен берген сынагы талкууга алынып келет. Көрсө бакандай борбор калаанын башчысы бир канча сөздү, анын ичинен Кыргызстан деген сөздү туура эмес жазып коюптур.

Мына анан чуру-чууну көрүп алгыла. Тиешеси бары деле, тиешеси жогу деле пикир айтып, кыжынып жатып калышты. Ошолорду көрүп туруп мен катуу таң калдым. Эмнеге таң калдым билесиздерби? Менин таң калганым, биз эмне кылып жатабыз дагы, эмнени күтүп жатабыз, ошону эмгиче сезбегенибизге таң калдым. Түшүндүңүзбү мени? Мисалы, биз корообузга толтура тикенектин уругун сээп таштадык дагы, кайра "эмнеге бадыраң чыкпайт?" деп кыжынып атканыбызга таң калдым. Ишенбей турасызбы? Анда карап туруңуз.

Бишкек шаарынын экс мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кудум дааратканадан чыгып бараткандай кете берди…
Менин жакын тууганымдын баласы бакчага барат. Бирок, ал жактан ага кыргызча катасыз жазганды үйрөтпөйт. Ал жактан ага кыргызча китеп окуганды да үйрөтпөйт. Ал жактан ал баланы эптеп ыйлатпай, оорутпай сыркатпай ата-энесине кайра тапшырып койгонго гана аракет кылышат. Анан колдоруна тийген бир-эки орусча ырды жаттатышат. Ооба, чынында бул арзан, жөнөкөй бала бакча. Ал жакта андай деле кыйын адистер иштээрине көзүм жетпейт. Ошондуктан аларга көп деле таң калчу эмесмин. Бечара тууганым бир аз акча болгондо кымбат, сапаттуу бакчага бермек деп боорум ооруган болчу. Бирок, жакында эле ошол кымбат, сапаттуу делген бакчага бардым. А билесизби ал жакта канча тил окутаарын? Ал жакта орусча окутушат, англисче окутушат, ар кандай эсептерди чыгартышат. Шумдук тим эле. Шарттары да сонун. Баары бар. Мына, биздин келечек ошол жерде го деп суктанып отургам.

Бирок, качан кыргыз тилинен окуткан китептери, жомокторун көргөндө ичим тыз деп тымпыйып отуруп калдым. Көрсө алар кайсы бир тилден эптеп которулган китепти окутуп жатышыптыр. Катасын эми айтпай эле коёюн. 

Таптакыр туура эмес түзүлгөн сүйлөмдөр, эч ыңгайсыз колдонулган сөздөр, ыгы жок орунсуз кайталоолор, иий деги укмуш… Соо сүйлөм таппайсың. Көркөмдүк, сөз байлыгы деген нөл. Тоголок эле нөл. Көрсө, биздин балдарга сөз байлыгын колдонгонго болбойт экен. Көрсө, алар түшүнбөй калышат экен. Ооба, орустун түшүн жоруп, англисчени чемичкедей чаккан балдар кыргыздын сөздөрүн түшүнбөй калышат экен. Мына сага жетишкендик! Мына, биздин келечек. А бул эмне бала бакчада эле ушундай деп ойлоп турасызбы? Кайдан? Мектептерде да ошол. Эгер жөнөкөй мектеп болсо мугалим начар, шарты начар. Эгер өзгөчө, атайын күчтөп окуткан мектеп болсо анда ал жерде кыргыз тилине кылынган мамиле начар. Карагыла барып! Кайсы мен деген мектепте кыргыз тилине өзгөчө басым жасалып жатыптыр? 

Англис тилин суудай билген, орусчаны оозунан түшүрбөгөн мектептерге баргыла, эч биринен кыргыз тилине англис тилиндей, орус тилиндей, түрк тилиндей басым жасалганын, талап коюлганын көрбөйсүз. Анан кантип мэрди шылдыңдап отурабыз? 4-5 ката кетириптир деп кантип күлүп жатабыз ага?

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эринген эрмендер менен томсоргон топулуу торгойлор
Баргыла тиги университеттерге. Кимиси кыргызчаны шумдук окутуп жатыптыр? Кимисинде студенттер жалаң кыргызча окуп жыргап жатыптыр? Карагыла, тиги көчөдөгү жарнамаларды? Он жарнак турса жетөөсү ката. Теле берүүлөрдү карагыла, газеталарды карагыла, китептерди карагыла. Баарында ката бар. Азыр, ушул тапта бир китеп кыргыз тилине которулуп, жакшы сатылып жатат. Ошол китептин кайсы бетин ачпайын жайнаган ката табылат. Башында ушунча катасы менен бул китеп өтпөйт го дегем. Бирок, өтпөй калмак тургай, тим эле бири-бирине мактап сунуштап жүрүшөт. Көрсө биздикилер катаны деле көрбөй калыптыр. Жанагы бала бакчадагы мугалимдер деле көрбөй калган. Көчөдөгү жарнактар деле эч кимдин көңүлүн бурбайт. Кыргызча тартылган кинолор деле ошол. Эмне ырдап жатканын билбеген ырчылар бар. Журналисттердин кетирген кемтигин көзүнө чукуп көргөзүп турсаң да мойнуна албайт. Себеби ага укмуш туура көрүнөт анысы. Орунсуз кайталоо, которуудагы кемчилик, ыксыз колдонулган сөздөр, супсактык дегендерди айтсаң жомок айтып жаткандай болосуң.

Анан келип алып мэрдин беш катасын төөдөй маселе кылабыз. Бүгүнкү мэр дагы жакшы окшойт жазганына караганда. Мурунку Кулматов кандай эле? Аны унуттукпу? Деги бүгүнкү чоңдор кетип, эртең жаштар келе баштаса тилибиз оңолуп кетет деп ишенесиңерби силер? А мен ишенбей деле калдым. Бүгүнкү каталар эртең көзүбүзгө жоогазын болуп кулпуруп калат го чиркин. Бала бакчадан тартып, окуган китептерибизге чейин "2" деген баага татырлык каталар менен кетип жатса, туш тарабыбыз катага толуп турса, эртең шумдук таптак сүйлөп кетерибизге ишенбейм. 

Башчыларыбыз беш сүйлөмдү беш ката менен жазып турса, жаш балдарга кокуй түшүнбөй калбасын деп "барды келди жеди" дегенден ашык кыргыз тилин окутпай туруп, англис, немис, орус тили дегенде "эмитеден түшүнүп окусун. Өзүнө жакшы" деп күчкө салып турсак азыркы мэрдин ката жазганы кеп деле болбой калат го. Анан калса тим эле баарыбыз катасыз жазып калгансып шылдыңдап калганыбыз укмуш… Эх-х…

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Жаңылыктар түрмөгү
0