Эң күчтүү "жолтандабас" — бул ата-эне

© Sputnik / Табылды КадырбековАта-энелер балдары менен. Архив
Ата-энелер балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башыңызга мүшкүл иш түшкөндө жардамга ата-энеңиз келип, кандай баткакка батпаңыз, чыгарып кетет. Колумнист Алия Раимбекова өзүнүн татыктуу билим алуусу үчүн ата-энеси кандай нерселерге баргандыгы тууралуу айтып берет.

Көптөн күткөн эмгек эргүүнүн убактысы келип, белек-бечкегимди камдап алып, толкундануу менен айылга ата-энеме жөнөдүм. Таксиге отуруп, 12 саат дегенде үйгө араң жеттим. Дарбазанын ачылганын угуп, биринчи ит үрүп чыгып тосуп алды. Атам ары жакта малга чөп салып, апам күрүчтүн ташын терип отуруптур. Мени көрөр замат экөө тең жумушун таштап, мойнума асылып, көпкө кучакташып турдук. 

Баш калкалаар жайы жок, артист байкуш кантти экен?..
Ишенесиңерби? Менин жашоомдо мындай учурлар жылына 3-4 эле жолу болот. Алар жумуштары менен шаарга келишет же мен айылга барып турам. Студент кезде шаарда ата-энеси менен чогуу жашаган курсташтарыма көзүм күйчү. Бирок алар тескерисинче ата-энебизден бөлөк жашасак дешчү. Силер да айылда жүрүп ата-энемдин баркын билбептирмин деп калсаңар керек. Бир жакка барам деп сураганыңарда, апаңар "Атаңдан сура" же "Атаң урушат" деп айтчу беле? Атаңарга айткандан коркуп, маселенин баарын апаңар аркылуу чеччү белеңер? Менин апам үчүн "элдин балдары" үлгү эле. Уктап жатсаң, "сен жатасың, элдин балдары таң атпай туруп, иштеп жүрөт" деп калчу. 

Ата-энеңердин кадырын студент болуп, шаарга келип, жатаканада жашап, ачка калганда билдиңерби? Ата-эне өзү карандай чай менен нан жесе да, студент балам ачка калбасын деп болгон акчасын жиберет. А силер ал акчага тамак алып жебей, кийим сатып алып, кайра эле ачка калчу белеңер? 

Акча керек дегениңерде ата-энеңер колдо бар буюмун сатып, жерден чукуп болсо да таап берчү беле? Мисалы апам мени — студент-кызын багыш үчүн Бишкекке келип, Дордой базарында карызга кийим алып сатып иштеген. Силердин ата-энеңерчи? Менин апам базардын суугуна карабай, иштечү. Апам жанымда болгондо кабагым жазылып, курсагым тоюп, көңүлүм да ток, жыргап калчумун.

Апаңар силерди багам деп шаарга иштегени кеткенде, айылда атаңар жумушуна да барып, үйдүн ишин да жасап, кичүү иниңерди карап, айтор баарына жетишчү беле? Биздин атабыз ошондой болчу. Элдин баары иштегени Москвага кеткенде, үй-бүлөңөрдөн кеминде бир адам кетти беле? Бизден апам кеткен. Барып бир жыл иштеп, агамдын окуусун төлөп, мага акча салып, баарыбызды баккан. Байдын балдарындай жашабасак да, алар бизди эч нерседен кем-карч кылбай багууга болгон аракетин жасашты. 

Чет өлкөгө билим алууга же практикага барам дегениңерде атаңар жалгыз буюмун сатып жөнөттү беле? Менин атам ошенткен. Жайдын ысык аптабында жайлоого чейин машина менен барып, ары жагына эки саат жөө басып, жалгыз уюбузду алып келип сатып, Түркияга бир айлык практикага барыш үчүн 600 долларга билет сатып берген. 

Айылыма алыстан туруп көз салганда... Ичип кеткен авалар азайды...
Ата-энеңер силерге берген акчаны кайтарып берип жатасыңарбы? Туура, алардын эмгегине баа жетпейт. Мен аларга бир уй эмес, миң уйдун акчасын берсем да, алардын эмгегин актай албайм. Ата-энеге биздин акчабыз эмес, ийгилигибиз, татыктуу адам болушубуз маанилүү. Алар бизди колдобогондо биз ийгиликтүү болот белек? Аларсыз жашооңузду элестете албайсызбы? Мен дагы элестете албайм. 

Биз студент кезде апам менен телефондон сүйлөшүү өзүнчө эле чоң иш болчу. Почтага барып, кезек күтүп, үйдө телефон жок, коңшуңарга телефон чалып "апамды чакырып койчу" деп айтчу белеңер? Ошол кезде ата-энебизди көрүүгө эмес, телефон чалууга мүмкүнчүлүк жок эле. Эми мобилдик телефон пайда болуп, узактык сезилбей калбадыбы. Бирок колубузда бир эмес экиден телефон көтөрүп жүрүп да, жумалап ата-энебизге чалганды унуткарып коёбуз. Биз унутсак да, алар бизди унутпайт. Эки күн сүйлөшпөй калсаң, өздөрү чалат "Балам, кандайсың? Барсынбы?" деп. Алыс болсо да, алар биз менен. Алар жол тандабайт. Кандай гана абалга түшпөйлү, сууруп чыгат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0