Кыйратып койгонсуп кекирейгендер. Коррупционердин кесепетин кеп кылабыз

Жазылуу
Коррупционерлер кимдер — кыргыздын кыйырын куураткандар, касиетин кемитип, как катыргандар. Калайык-калк, кызыл кекиртектүү коррупционерлер кетсин!

Коррупцияга каршы күрөшүү күнү

Калктын кирешесин көтөрө качкан курсактуулар, кызылбайга кызыккандар. Коррупционер — каргыштан коркпой кирешени кернейдей кекиртегине куйгандар. Кара көздүүлөрдүн кызыкчылыгын коргобой, кыргыздын кыйырын куураткандар, касиетин кемитип, как катыргандар. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: жыл башынан бери коррупция боюнча 274 иш сотко жөнөтүлүп, 33 адам жоопко тартылды
Келечекке кайдыгер карап, кулкундун камын көргөндөр. Куйруктуу койго көзү кызарып, койнуна кымтый кеткендер. Короодогу кенедей козуну, корозду калкына кыйбагандар.

Кыйын күн келгенде карапайымдарды кууралдан куткарбагандар. Кайдыгер карап, кассадагы каражатты короткондор.

Кыйратып койгонсуп кекирейгендер, кемчонтой кайындарын кызматка коюп, калп күлүп, кадыр күткөн кошоматчылар.

Кыргызстанга керектүү каражатты коротпой, калктын камын көргөн кеменгер көсөм керек. Кыргызстанга коррупционерге кол кезеп, коомго кең келечек курууну каалаган көрөгөч кыраан келсин, кызыл кекиртектүү коррупционерлер кетсин! 

Кыргызстандын келечеги кеңейсин!

Жаңылыктар түрмөгү
0