Алты миллионунчу Айлинден улам айтылган сөз…

© Айша Камилова Алты миллионунчу Айлин апасы менен.
Алты миллионунчу Айлин апасы менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1924-жылдагы 1 миллион болгон калкыбыз минтип 6 миллионго жетип отурабыз. Буга Кудайдын кулагы сүйүнсүн!

Ош шаарында 25-ноябрда саат 18:12де 3 килограмм 870 грамм салмак менен жарыкка келген Улуттук Гвардиянын Оштогу бөлүгүнүн командири Алмазбек Кожошев менен жубайы Рахат Белекованын алтынчы баласы Айлин кыргызстандыктардын санын алты миллионго жеткирди.

2015-жылдын 25-ноябры Кыргыз Республикасы үчүн жөнөкөй эле катардагы бир күн болуп келгени менен?, дал ушул күндүн тарыхый чоң мааниси бар. Аны биз али жакшылап туя элекпиз…

Алты миллионунчу Айлин үйдө алтынчы бөбөк болуп төрөлдү
Дүйнөдө элинин саны жылдан жылга азаюуга карай бара жаткан өлкөлөр толтура, алар жоголуу коркунучуна баратат, кайсыл бир жылы ал эл, улут, мамлекет Жер үстүнөн жок болот. Мындан жетимиш-сексен жыл илгери ушул эле Борбор Азиянын ичинде – арабызда эле жүргөн лакай, барлас, коңурат деген улуттар жоголуп кетти. Кана, алар кимге сиңип кетти? Казактаргабы, каракалпактаргабы, өзбектергеби, кыргыздаргабы – кыйын болсоң, мына эми таап чык! Же болбосо советтик жылдардын башында Түндүк Сибирь жактарда, ары жагы мухиттерге чейинки аймакта 45 түрдүү улут болуптур. Ошолордон азыр кет, ительмен, керек, негидал дегендери жок, эч жактан таба албайсың. Булар кайда?! Дагы жок болуп атышат. Энц деген улуттан 200 гана адам калган, алардын кары-картаңдары гана өз тилин билбесе, калгандары бүт оруска айланган.  Тофа деген улут бар, түбү түрк тайпаларынан, расмий түрдө алардын 722си катталган, ошолордун эки гана пайызы эне тилин билет экен, бул деген беш-алты гана киши эне тилин сактап жүрөт дегендик. Ошол беш-алты кишини көмүү менен жер үстүнөн тофалар тыптыйпыл жок болот да. Алеуттардан да 644 гана жан калды, алардын да беш-алтысы гана өз тилин билет. Ушундай тагдырлар качандыр бир кезде кыргыздын башына түшүп калбайбы деген ойду ойлоп сарсанаага батып атканда минтип алты миллионунчу адамыбыз жарык дүйнөгө келди. 

Өзүнүн мамлекет катары эн белгилери – тили, туусу, герби, гимни бар өлкө үчүн, ошол өлкөнүн негизги калкын түзгөн кыргыздар үчүн бул салтанаттуу майрам… 

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бир саатта өлкө аймагында орто эсеп менен 10дон 18ге чейин ымыркай төрөлөт. Бир күндө калк санына 250дөй наристе кошулат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн!

Мындан он үч жыл мурда, тактап айтканда, 2002-жылы 27-августта Кыргызстандын беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев төрөлгөн. Он үч жылда Тынчтыкбек мүчөл жашын белгилеп атканда калкыбызга дагы миллион бала кошулуп атат. Кой жылында койдой береке келди. Салыштырмалуу биздей аз эл үчүн он үч жылда миллион адамга көбөйүү – төрөлүүнүн гана көбөйүп жатканы эмес, калктын жашоо узактыгынан көбөйүп жатышы, туулгандарга караганда өлгөндөрдүн аз экендиги. 

Фестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айлин… Кыргызстанда "бейиштин булагы" жаралды
Жүз жыл мурда кыргыз жериндеги адамдардын саны мындан алты эседен да аз болсо, Улуу Үркүндө бир кырылып, кулакка тартууда бир кырылып, 30-жылдардын башындагы ачарчылыкта бир кырылып, немецтер менен согушта бир кырылып, өсүү эмес, өлүү көбөйүп, 1924-жылдагы бир миллион калкыбыз минтип алты миллионго жетип отурабыз. 1959-жылкы Бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинде 2,1 миллион адам болуп, 35 жылдай мезгилде 1 млн. 1 миңге өссөк, кийинки ошондой эле убакта, б.а., 1991-жылы 4 миллион 4 миң адам болдук. Жакшы өсүш ушул жылдарда катталганы менен алардын көбү башка республикалардан келгендер болгон. Келгендердин кыйласы ошол жылдардан баштап кете баштады. Бирок төрөлүү совет учуруна салыштырмалуу азайганы менен болуп жатты. Соңку 35 жыл ичинде кыргызстандыктардын саны 2,5 миллион адамга өссө, алдыдагы ошончо эле убакта дагы эки эсе өсүп 12 миллионго жетебиз дешет эсепчилер. Бул абдан эле кубанарлык көрүнүш. Жалпы калктын 33 пайызын балдар жана өспүрүмдөр түзүшү, 60 пайызы эмгекке жарамдуу курактагылар экендиги андан бетер кубанычтуу. 

Ошол эле кезде калктын өсүшү менен алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, эң биринчи кезекте бала бакча, мектеп, жумуш, үй-жай менен камсыздоо маселелери курч коюлат, буйруса, алар да улам-улам чечиле берер, эң негизгиси – биз көбөйүп жатабыз… Көбөйө берели!..

Жаңылыктар түрмөгү
0