Эгерде жарың көзүңө чөп салса, эмне кылуу керек…

© flickr.com / Abulic MonkeyШакектер. Архив
Шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек эки аялдын ортосунда дагы көпкө чейин жүрө алат. Бирок аялдар кайрылып келген учурлар сейрек болот. Психолог Михаил Мунькин адамдар өмүрлүк жолдошунун башкага кетишин кантип көтөрүш керектигин насаат айтып, акыл үйрөтпөстөн, жөн гана, талдап берди.

Ала жипти аттаган жубай кандай кылганда өз түгөйүнө кайра келет жана адам чүнчүп кетпей, өзүн, нервин кандайча сактап кала алат? Психологдор менен психотерапевттер ассоциациясынын президенти Sputnik окурмандары үчүн дал ушул жаатта талдоо жүргүзүп берди. 

— Ала жипти аттагандар да, алдангандар да мага көп кайрылышат. Ал эми мамилелерин кайра улантууга алы жеткендер жетелешип да келишет. 

Адамдар ар түрдүү болгону менен, мындай учурда баарын: "Мени эмнеге башкага алмаштырды, менин андан эмнем кем жана мамилелерди сактап калса болобу?" деген бир гана суроо жанын жай таптырбай туруп алат.

Башынан баштайлы: сенин көзүңө чөп салганы, сенден кетип калганы жөнүндө кабар эмне үчүн ушунча оор тиет?

Бакыт үйүндө каттоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү Үй-бүлө күнүндө жаңы 15 түгөй катталат
— Ар бир адам өзү кылдат куруп алган кичинекей дүйнөсүндө жашайт. Мисалы, бир аялды алып көрөлү. Ал үчүн жумушта ар кандай маселе болуп жатканы баары бир, себеби үйүндө күтүп жаткан күйөөсү бар. Кошунасы менен урушуп кетсе эмне экен? Коңшусунун аныкындай күйөөсү жок, ичи күйүп жатат. Мейли, кара жер өрттөнүп, көздү ачырбай жамгыр төгүп, доллар асмандап, мага десе, такыр кыйрап калсын. Себеби, үйдө баары өз жайында.

Анан ал күтүүсүз жерден эле күйөөсү башкага барып жүргөнүн билип калды дейли. Мындай кабарга даяр болуу мүмкүн эмес. Керебетте шашып таштап кеткен аялдын ич кийими, кокус көзгө урунуп калган телефондогу СМС-билдирүү, "санаалаштардын" айткан жаңылыктары. Ишеним, үмүт, жакшы көрүү баары өлөт. Ал өз үмүтүнүн сапырылган күлүн гана карап калат. Баягы ынак күйөө жок. Анын ордунда өрттөнгөн жер, нөшөр, кыйраган доллар гана калат.

Мындай абал жакын адамыңдын өлүмүнө тете. Бирок жакының каза тапканда адам кайгыга батса, мындай учурда жай дүйнөңдүн оорусу, ыза жана ачуулук гана калат.

Андан кийин өзүн-өзү жемей башталат: тиги үрпөйгөн тооктун (ошол байкуштун) менден эмнеси артык экен? Эркектер да, аялдар да өзүнөн-өзү күмөн санап, кайсы жагынан: сулуулугунанбы, акылы жагынанбы, же дагы эмнесинен кем экенин чукулап издей баштайт. Ички назиктиги же эрки жоголо баштайт, себеби алданып калган адам кайсы бир жагынан өзү кем экенин түшүнө баштайт.

Менден дайыма: "Эмне үчүн мени алдады?" деп сурашат. Бул сиздин мурдуңуз бучук же тапкан акчаңыздын аздыгынан эмес. Себептери көп. Аларды эки ири топко бириктирип көрөйүн. 

Биринчиси. Секс

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда баалуулуктар жоголгондуктан балдарды кордоо көбөйдү – психолог
Алар көп жылдан бери бир жашайт дейли. Аялы толмочураак, моймолжуган көздөрү карагаттай, кара торусунан келген сулуу. Кезегинде күйөөсү ага эсин жоготкудай ашык болгон. Атүгүл, эми да бир аз сүйөт. Бирок! Ал аялына келгенде көзү ачык Ванганын эркек түрү болуп бүткөн: жубайы эртең менен эмне жейт, эмне ичет, кайсы кинону көрөт, кайсы белекке кубанат. Бир сөз менен айтканда алаканга салгандай көрүп турат…. атургай төшөктө бирге түн өткөрүү кунарсыз бир көрүнүшкө айланган. Аял мындайды эркекке караганда жеңил көтөрөт. 

Ал эми жумушта иш үстөлүңдүн жанынан сени атайы азгыргансып, чачын саргартып, кызартып боёп алган кесиптешиң ары-бери басып турса… Балким анын буту кыйшык, же мурдунун ичинде жүн өсөттүр — баары бир. Башкысы, ал табышмактуу, кызык болуп жатпайбы… 

Ошондо көңүлдөш эрен ачылып баштайт: байпагын бир түстүү кылып тандап кийип, спорт менен машыгып, тизеси чыгып калган ыңгайлуу шымдын ордуна койкойгон костюм кие баштайт. Өз аялы үчүн бул коркунучтуу белги. Андан ары өзүнүкү менен берки аялды салыштырып баштайт.

Анын чыгарган тыянактары аялынын пайдасына болбойт: кычырап тыкан кийинген кесиптеши анын мээсин жебейт, көзүнө өзүнүн жарына караганда беркиниси ай болуп көрүнөт. Ошентип, никелешкен аялына эркекте көп суроолор пайда болот.

Ушунун баары сүйүүнү билдиреби? Татаал суроо. Кеп көңүлдөш аял жөнүндө болсо, анда эч кандай терең сезимсиз эле кумар гана болушу мүмкүн. Бирок, экинчи жагынан, жөндөн-жөн эле адамды башкага тарта бербейт. Ал эми никелүү аялы жөнүндө айтсак, ал күйөөсүн кызыктырбай калса, анда сүйүү да калган эмес. Муну түшүнүп кабыл алыш керек.

Экинчиси. Психология

Каарманыбыз тамак-ашын белендеп, өзү да сулууланып, кечинде жадырап-жайнап, атыр жыттуу болуп тосуп алат. Эшиктен кирген күйөөсү ороңдоп, тамакты жөндөп ичпей, "Эмнеге, эти аз же тузу көп. Чарчадым, көзүм жабышып жатат. Эмне карайсың, мени биринчи көрүп жатасыңбы?"— дегенин элестете бериңиз. 

Аялдар менен да ошол эле. Өз эркегиңе күчүктүкүндөй берилген көздөрүң менен анда-санда карап турбасаң, өз колуң менен түрлөнтүп жасаган тамагың эч нерсеге арзыбайт. Эркектерге да суктана турганыңды сөзсүз айтып турушуң керек. Бул мааниге ээ көрүнүш. Себеби кайсы бир убакта адам өзүнө суктана карагандарды башка тараптан издей баштайт. Ошондо сексуалдуулук сезим чоочун бирөөгө бурулуп кетет. 

Эмне кылыш керек?

Шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Алам" деп алдап, тойдун акчасын шыпырып кеткен
Эгер көзүңүзгө чөп салса, варинаттар аз эле. Биринчиси — инфузория туфельканын стартегиясы. Мындайды аялдар көп колдонот. Бул болгону "эркектин баары ошондой" же "ойноп-ойноп, кызыгы тараганда кайра келет" дегенге өзүңдү ишендир дегенди билдирет. Баса, айрым учурларда бул туура болуп чыгат. Эркектер — үйдөгү тынч жашоону, ыңгайды жакшы көргөн калк. Көнүп калган чөйрөңдү, жашоо-шартыңды өзгөртүүгө көп күч-аракет керек. Дал ушул себеп чечүүчү ролду ойноп кетиши ыктымал. 

Бардык көңүлдөш кыз-келиндердин көздөгөн максаты — эркекти кандай болсо да үй-бүлөсүнөн тартып кетүү. Паспортума мөөр бастырып алсам деген умтулуу аялдардын канында болот. Эгер эркек үй-бүлөсүнөн кетпейм деп чечсе, "сүйүүсү" ошо менен бүтөт. 

Өзүнөн бир топ улуулар менен мамиле түзгөн жаш кыздарга мунун тиешеси жок. Бул деги эле сойкулуктун бир түрү. Албетте, башка бир орундуурак сөз тапса деле болот, бирок кыз акча үчүн эркек менен мамиле түзүүгө даяр болсо, менин оюмча, ушул эле сөз туура келет. Андай кыз өзүнө күйөө тапканга чейин "атакеси" акысын төлөгөн квартираны, белек кылган автоунааны пайдалана берет. Эгер никелүү аялы мындайга үч-төрт жыл көз жуумп коё алса, утуш аныкы. Албетте, күйөөсү дагы экинчисин таап ала койбосо…

"Инфузория туфелька" стратегиясы кандайча иштейт? Менде бир окуя болгон. Күйөөсү башка менен ойноп жүргөнүн аялы билип калып, бирок мемиреп сыр бербейт. Күйөөсү болсо кийимин чогулта баштайт. Аялы ыйлабай, долуланбай, тынч маанайда ажырашуунун жол-жобосун талкуулап, балдары менен катташып туруусуна тоскоолдук кылбайт. Анан калса, кетип жатканда тамак берип, курсагын тойгузуп жөнөтөт. 

Жаңы тапкан бойфренди баласы менен мурдагы аялына улам бара бергени көңүлдөшүнүн кыжырына тиет. Анан ал эркектин мээсин кашыктап жей баштайт. Мурунку аялы менен күйөөсү чай үстүндө отуруп алып, жаңы аялынын чырт мүнөзүн талкууга алышат. Эркек улам барган сайын кеч кармала берип, ага карата айтылган нааразылык да күчөйт. Бир күнү эле ал жаңы сүйгөнүнө чалып, үй-бүлөсүнө кайра кайта турганын айтат. 

Экинчи стратегия — ала жипти аттаган экинчи түгөй менен мамилени толук үзүү. Бул эң жөнөкөй ыкма. Себеби "мени башкага алмаштырды" деген нерсени такыр унутуу өтө кыйын экенин экөө тең түшүнөт да. Кенедей эле чыр, ал тургай, ордуна коюлбай калган отургуч да баягы "ария" башталат. 

Улицы города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Психолог: агрессия менен эркектер өз көйгөйлөрүн жашырууга аракет кылат
Сиз башка менен ойноп кеткенге чейин жубайыңыз гүлдөй назик кыз болсо, кийин ал Эркюль Пуаронун шыгына ээ болуп калат. Телефонуңуз, соцтармагындагы баракчаңыз тинтүүгө алынып, ар бир кескин кыймылыңыз "баягың кармадыбы" деп бааланат. Чыдаш керек. Ишенимди дароо эле кайтара коюш кыйын. 

Эгер адам мамилелерди такыр үзүүнү чечсе, коркуу сезимдери пайда болот. Айрыкча, айымдарда. Алданып калган аялдын оюна ээн, муздак үйдө жалгыз калганы элестейт. Атүгүл, соцкызматкерлери да келип койбойт. Өз турмушун андан ары куруп кетүү мүмкүнчүлүгү толук бар болсо да, ал ушундай коркунучка туш келет. Себеби, баары аялдын өзүн таштап койбой, чүнчүбөй кайрадан башын көтөрүп, кайратына келишине жараша болот. 

Дагы бир — долулуктук стартегиясы деген бар. Бул сүйгөнүң өзүнө жаңы ынак гана таап албастан, тиш жуугучун да аныкына алып барып койгондо болот. Ошондо никелүү аялы өз тамырын кесип, балдары менен коркутуп, чаңырык-кыйкырык менен коштолгон "оюн" көрсөтөт. Бирок, бул көп деле таасир бербейт, болсо да узакка созулбайт. Себеби, күчтөп бирөөгө сүйүктүү боло албайсың.

Айрымдары мурунку күйөөсүнүн кызганыч сезимин пайда кылганга аракет жасашат. Бул өч алуучунун өзүнчө бир стратегиясы. Андайлар мурдагы сүйгөнү жүрчү жерлерде "кокусунан эле" жаңы жигити менен колтукташып пайда болуп калышат. Бул ашыкча сүйүүсүнөн эмес, жөн эле "кандай болот экен" дегендей жинине тийиш үчүн жасалат. Адамдар бири-бирин моралдык жактан жок кыла башташат. Ошон үчүн мындай аракеттер эч жакшылык алып келбейт. 

Акырында айтар кебим: эгер эркек кетсе, кайтып келери толук мүмкүн. Ал эми аял кетсе, кайрылып келиши күмөн, аны күтүүнүн пайдасы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0