14:44 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Жол кайгуул кызмактери. Архив

Жол кайгуул кызматкерлери акча топтоочу аппаратка айланып калганбы?

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
27940

Быйыл Ысык-Көлдүн жайкы сезонунда Бишкектен Кеминге чейинки айланма жолдо жаштардын машина айдаган ылдамдыгын көрүп, жакамды кармап, инспектор - кызматкерлер ар бир 10-15 чакырымда турса экен деп тиледим.

Мен "маршрутка" деп аталган кичи автобустарга түшүп жумушума барып келем, кээде жөө да жүрөм. Ошондон улам жүргүнчү жана жөө жүрүүчү катары Жол коопсуздук кызматынын иштери тууралуу айрым байкоолорду ортого салууну ылайык көрдүм. 

Кайсыл бир номердеги маршруткага чыгып калсаңыз, анын айдоочусу чөнтөк телефонун колунан түшүрбөйт, эрмеги эле ошол, бирде алдыдагы маршрутташын, бирде арттагы маршрутташын тынымсыз байланышка чакырып, кайсыл жерге келгенин, же барганын сурай берет да, бир убакта арттагысына телефон чалып, мисалы, же "Физприбордо", же "Вефада" деп коёт. Болду, ушул эле жетиштүү. Бул деген Жол кайгул кызматкери (ЖКК, же элге сиңген ат менен айтканда, МАИ-ГАИ) ушул жерде турат дегендик. Көчөдө ушунчалык жол эрежесин бузуп келген айдоочу ошол жерден эрежени так сактап өтүп кетет да, кийинки кезекте келе жатканына эми анысы бул жерде турат деп эскертүү берет. Мындай карасаң, бүт өлкөнүн жолдорунун кайсыл булуң-бурчунда ЖКК кызматкерлери турганы айдоочуларга белгилүү. Же болбосо, каршы кетип жаткан машинага жарыктарын жандырып-өчүрүп белги берип коюшат. Анан да кыраакы айдоочулар алардын кайсыл жерде болушу мүмкүндүгүн жаттап алган. Менин айтканыма ишенишпесе, ЖКК кызматкерлери бир күн рейд кылып, жөнөкөй кийим кийип, жанагыдай маршруткаларга түшүп көрсүн… Же жөө жүрүүчүлөрдүн өткөлдөрүндө турсун…

Бизде жөө жүрүүчүлөр айдоочуларды, айдоочулар жөө жүрүүчүлөрдү сыйлашпайт, чанда бир айдоочу гана атайын жөө адамдар өтүүчү жерден токтоп бербесе, көбү зуулдатып өтүп кетет. Ал эми айдоочулар көчө кесилишинде жол чырагы кызыл күйүп калса, жөө адамдар өтүүчү ала жолду басып токтойт, же аны да аралай чаап өтүп кетет. Андай жерлерден  машиналарды жөөлөй арап өткөн учурлар далай болот.

Эмне үчүн соңку учурда интернетке ЖКК кызматкерлеринин пара талап кылган, айдоочу менен жакалашкан, өз алдынча сөгүшкөн, айдоочулар аларды тоготпой кетип калган видеолору көп чыгып жатат? Эмне үчүн ар кандай сурамжылоодо бул системаны эң эле жемкорлошкон тармак деп аташууда? Эмне үчүн Кыргызстандын Жол кайгул кызматы канча реформаланып жатса да, өз үзүрүн бербей келет?

Ойлонуучу суроолор көп. Жаныбыздагы эле Казакстанда жол эрежелерин бузгандарды видео көзөмөл, тик учак көзөмөл, санариптик радарлар ж.б. менен дароо таап, өзү үйүнө жеткенче айып пул төлөө тууралуу дүмүрчөгү алдынан жетип калат. Болгондо да биздин 10-20 миң сомдой суммада. Бизде болсо баары адам фактору менен байланышып калган. Тартип бузган айдоочу менен ЖКК кызматкеринин качан болсо баа быча албай тартышып турганын көрөсүң. Өзүнчө эле чайкоо базар. Же анын чоңдорун айтып, аларга телефон чалып коркутмай… Ал эми биздин жол эрежелерибиз ЖКК кызматкерине ар бир кадамда "нан" таап берүүгө ыңгайлашкан. Мисалы, автомобилиңди туура эмес жерге токтотууга мажбур болосуң, себеби атайын туура токтотуучу жайлар дээрлик жетишпейт. Же өлкө ичинде саатына талаа жерлеринде 90 чакырымдан артык жүрүүгө тыюу салынган, ал эми азыркы заманбап автомобилдер жана заманбап жолдор үчүн бул жүрүш канааттандырбай калды. Ошол эле кезде, мисалы, быйыл Ысык-Көлдүн жайкы сезонунда Бишкектен Кеминге чейинки айланма жолдо жаштардын машина айдаган ылдамдыгын көрүп, жакамды кармап, ЖКК кызматкерлери ар бир 10-15 чакырымда турса экен деп тиледим. Ошол эле кезде кээде Кыргызстандын жолдорунда ЖКК кызматкерлери акча топтоочу аппаратка айланып калганбы деп да ойлоп калам.

Кыргызстанда ушул тапта бир миллиондой транспорт каражаты бар экен, демек, бир күндө бир миллиондой жол эрежесин бузуучу (кээси бир нече жолудан), ошол эле кезде ошончолук өлчөмдө ЖККга айып пул төлөчү бар. Бул деген эсепсиз көп каражат жана айланып жүргөн ири акча. Андыктан элде мындай кеп жүрөт: бул кызматтын ар бир оруну, ар бир көчө, ар бир бурч сатылат жана сатылып алынат.

Акырында айтарым: совет учурундагыдай ЖКК кызматкерлерине жардам берүүчү коомдук активисттерди, көчө патрулдарын көбөйтүү керек; көчөлөргө видеокөзөмөл орнотуу зарыл; жол коопсуздук эрежелерин текшерүүдө адамдарды акырындап сүрүп чыгарып, алардын ордуна заманбап техникаларды орнотуу керек; рулда бара жаткан айдоочунун телефон жана башка аппараттарды колдонуусуна таптакыр тыюу салуу зарыл; эреже бузгандарга айып пулду көбөйтүп, аларды толук мамлекеттик казынага түшүрүү механизмдерин киргизүү кажет; ар бир айдоочу өзүнө катталган жана ишеним менен берилген машинаны гана айдоо укугун кайра калыбына келтирүү туура.

Беш жашар неберем машинада баратканда жол боюнан формачан кишини көрсө эле "ГАИ" деп жата калат… А эмнеге?..

Тема боюнча

Залкарларды жоктоп…
Белгилер:
Жол кайгул кызматкери, айдоочу, Жол кайгуул кызматы, Абдыкерим Муратов

ЭҢ МААНИЛҮҮ