Залкарларды жоктоп…

© Абдыкерим МуратовНародный писатель Казат Акматов
Народный писатель Казат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улам көзү өтүп жаткан дөө-шаалар, улуу инсандар кеткен сайын алардын орду толбоочудай, эми бизде бир бөксөлүк кала берчүдөй, ал эми кийинки муун, азыркы жаштар, алардын ордуларын эч качан, эч нерсе менен толтура албоочудай сезиле берет…

Кыргыз журтчулугу жазуучу Казат Акматов менен коштошуп жатат. Ал киши менен XX кылымдагы кыргыз маданиятынын дагы бир түрөөчү кулап түшкөндөй болду. 

Бир апта мурда Турдакун Усубалиевди жерге бердик. 

Андан мурда Кадыржан Кадыралиевди, Мукамбет Токтобаевди, Ишенбай Абдуразаковду, Кусейин Карасаевди, Чыңгыз Айтматовду, Төлөмүш Океевди… 

Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү
Ушинтип тизме уланып кете берет… кете берет… 

Алар менен социализм деп аталган биз жашап өткөн, кыргыз журтун дүйнөгө тааныткан өзүнчө бир доор улам алыстап кетип, көз жетпес ыраакта калгансыйт. Дал ушул кишилер менен советтик доордогу кыргыз тарыхы, кыргыз маданияты, кыргыз илими тыгыз байланышкан эле. Эмнегедир ушундай улуу инсандар кеткен сайын алардын орду толбоочудай, эми бизде бир бөксөлүк кала берчүдөй, ал эми кийинки муун, азыркы жаштар, алардын ордуларын эч качан, эч нерсе менен толтура албоочудай сезиле берет…

Бөксөлүк… Орду боштук… Дилибизди оорутат… Жашоонун, тарыхтын ыргагы бузулуп кеткенсийт…

Эми бизге "Жамийла" менен "Кыяматты", "Мезгил" менен "Архатты", "Накыл сөздөр" менен "Карасай сөздүктү" ким жазып берет? Эми бизге кайсыл кыргыз жигиттери келип кинодогу «кыргыз кереметин» кайрадан жаратып берет да, Тейитбектин ролун кемелине келтирип ким ойнойт?.. Оор суроолор!.. Жоопсуз суроолор!..

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазуучу Казат Акматов 16-сентябрда Байтик айылында жерге берилет
Бүгүн гана бизди таштап кеткен Казат Акматов "Мезгил" деген романында кыргыз жериндеги жеке менчикти талкалап, анын ордуна жамаатташкан чарбаларды куруу мезгилин чагылдырып, жаңы менен эски көз караштын, идеялардын кагылышын көркөм образдардын күчү менен терең ачып бербеди беле? Мындай чыгарманы эми ким жазат да, аны ким китеп кылып чыгарат, китеп болуп чыкса, аны ким окуйт? Доор экен. Кайра катпас бир жылдар экен. Бул чыгарма 1983-жылдагы Кыргызстан Компартиясынын ХII пленумунда идеялык жактан биздин коомго жат, профессионалдык жактан начар жазылган, автордун таптык позициясы туура эмес, эл достугуна шек келтирген чыгарма деп бааланган. Анткени анда XX кылымдын 30-жылдарындагы окуяларды сүрөттөп жатып ретроспекцияларда орустардын оторчулук саясатын, 16-жылдагы Үркүн окуясынын чыныгы жүзүн ачып бербеди беле? Дал ошол компартияны башкарып турган Турдакун Усубалиевдин бейнесин негиз кылып алып, жаңы доордун келип, эски партократиянын кыйрашын Казат Акматов "Ажырашуу түнү" деген пьесасында көрсөтүп, ал чыгарманын негизинде коюлган спектакль коомчулукта чоң резонанс туудурган. Көрсө, бул күрөш экен… Идеялардын күрөшү экен. Эми Турдакун аксакал да, Казат аксакал да жок… Тынымсыз китептерди чыгарып, адабият, искусство аркылуу элдин аң сезимин бир нукка бөлүп турган Турдакун Усубалиев жетектеген компартия да, анын камкордугу да жок. Китеп окурманы да, театр, кино көрүүчүлөр да жок…

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды
Кыргыз элин агартып көгөрткөн, маданиятыбызды дүйнөлүк маданияттын бийиктигине көтөрүп жеткирген акыркы залкарларыбыздан улам бир-бирден ажырап отуруп улутубуз кандайдыр бир туңгуюкка, улуттук уюткубуздан ажыраган бейтааныш маданиятка сорулуп бара жаткансыйт. Дал ушул ойлорду жогорудагы көсөмдөрүбүз "Бакайдын жайытында", маңкуртунда тээ илгери эле айтып салышып, бизге ибараттап кетишкен экен…

Эми ооруган жүрөктү басып, ошол улуулардын улуу ойлорду таштап кеткенине каниет кылгандан башка айла жок тура…

Жаңылыктар түрмөгү
0