Амансызбы, бурадар? Социалдык тармактагы тили узундар, абайлагыла!

Жазылуу
Жума күнкү иш күнүңөр ийгиликтүү жана жемиштүү болсун.

Көчмөндөр оюндарынын көркүн ачкандар. 2016-жылы сентябрда көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Көчмөндөрдүн экинчи дүйнөлүк оюндарында "Маш ботойду" жаңырткан миң комузчунун катарындагы Ош облусунун 100 комузчусу унутта калбай, кылган эмгеги бааланды

© Sputnik / Табылды КадырбековМөңгү арасындагы алтын. "Кумтөр" кенинен алынган соңку сүрөттөр
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Мөңгү арасындагы алтын. "Кумтөр" кенинен алынган соңку сүрөттөр

Ак кар, көк муздагы алтын. Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан "Кумтөр" алтын кенинде тартылган укмуш сүрөттөрдү бул жактан караңыз.

Баш кесмек бар, тил кесмек жок… Социалдык тармакка отуруп алып, оозу менен орок оруп, көчүгү менен машак тергендер эми абайлабаса болбой калды. "Менин пикирим, каалаганымды жазам" дегендер эми тизгинди бир аз тартпаса болбойт өңдүү. Айтайын дегеним эки элди эриктирбей, бир үйдү бириктирбегендер эми жоопко тартылып калышы мүмкүн. УКМК мындай кишилердин IP-даректерин аныктай алат

Күндөр өттү. 16-январда кулаган учактын аймагында издөө иштери токтотулду. Дача айылында жашоо кадимкидей уланууда.  

Жаркыраган шаар. Балыкчы шаарынын ичи жана кире бериши эми түн ичинде дагы күндүзгүдөй жаркырап турат. Ысык-Көлгө келип кеткендер түн ичинде карайлабай калат экен.

"Азия MIX" эң мыкты. Москвалык жазуучу жана публицист Платон Беседин "Азия MIX" жөнүндө ташка тамга баскандай сонун пикир жазды.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.40 (сатып алуу) жана 69.65 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жакшыга жанашып, жамандан адашып баштаган ишибиздин акыбети кайтсын деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0