Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кайрадан өспүрүм бала өмүрүн кыйып...

Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашоо — кадыр билгендер менен жашай турганчалык керемет, туруксуз алдамчыларга ысырап кылбай турганчалык кымбат.

Бул жашоого келген ар бир пенденин өз милдети, тапшырмасы болсо керек. Акыры жараткан жөн эле жаратып койгон жок да. Аз да болсо ааламга салым кошуп, жок эле дегенде бир көчөт отургузуп койсок. Балким ал даракка айланып, мөмөсү менен миңдеген адамды тойгузаар. Дал ошол дарактан башка көчөттөр өнүп, ал жай токойго айланаар. Анын ал жерди жаныбарлар байырлап, миң түркүн өсүмдүктөр чыгып, булбул сайрап, улар учаар. Өмүр, жашоо ушунтип уланып, кылым карыткан кыргыздын тукуму уланат. Ал үчүн чыйралып, кара булут каптаган күндөрдөн өтүү керек. Өмүрдү барктап, баалап жашоо зарыл! Болбосо, он гүлдүн бири гүлү ачыла электе аркан кармап чуркай берсек кыргыздын тукуму эмне болот? Сын айтканга акыбыз жок, болгону башка балакайлар бул кадамды кайталабаса деген ой. Кечээ күнү Нарындан каргашалуу кабар келип, 9-класстагы бала асынып алгандыгы маалым болду. Жаткан жери жайлоо болсун.

Ушул эле Нарындын Ат-Башы районундагы алдыңкы окуучулар өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында болуп, мамлекеттик кызматкерлердин иш орду менен таанышты.

Айрымдары губернатордун ордуна отуруп, жетекчи катары сөз сүйлөштү. Тилектер орундалсын. 

Буюрса Бишкек баатырдын эстелиги тургузулат. Кечээ күнү депутаттар Бишкек баатыр тууралуу маалыматтар аз экендигин айтып, эстелигин тургузуу демилгесин көтөрүштү.

Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жар салды. 

Шайлоо тууралуу кеңири видео бул жакта

© Фото / Чолпон МукамбетоваФинансовый аналитик международной компании в Варшаве Чолпон Мукамбетова
Финансовый аналитик международной компании в Варшаве Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Финансовый аналитик международной компании в Варшаве Чолпон Мукамбетова

Польшада иштеген Чолпон Мукамбетова аттуу мекендешибиз Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок дейт. Кененирээк төмөнкү макалада

Бүгүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.42 (сатып алуу) жана 69.68 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жашоого жаралуунун өзү бакыт. 

Жакшылыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0