Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Роналду жылдын мыкты оюнчусу аталганда…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы күндүн жарык нурун көрсөткөн жаратканга шүгүр кылып алдыга умтулуңуз.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоруктары бүтпөс өңдүү. Бирде жакалаша кетсе, кээде "балп" этип салмай жайы бар. Айрым учурда кабыл алынган мыйзамдары коомчулукка караманча каршы келип, кайра жокко чыгарылса, кай бирде аткарылышы күмөн жараткан мыйзамдарды жаза калат. Алардын бири катары "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары тарабынан сунушталган ымыркайларга 50 миң сомдук жөлөк пул берүү. Социалдык тармактык колдонуучулары жомок деп аташкан мыйзам долбоору тууралуу кененирээк төмөнкү макалада.

Конституцияга карап түздөнөбүз. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кеңешмеде мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөт аралыгында өлкөнүн Баш мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык келтирүү үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырды. 

Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү? Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу, балбан Жанарбек Кенжеев спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Руслан Түмөнбаев аркалап келген.

Журналисттерди жаманатты кылганда. Өзүн Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) журналисти катары тааныштырып, мектеп директорлору менен Билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринен акча алууга шектелген жаран кармалды

Артык кылам деп тыртык кылып… Красноярскиде үй шартында сүннөткө отургузулган үч жаштагы бала чарчап калды. Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала. 

Апта ирмеми: унаа алдында калган жоокерлерден жээкте жайнаган шоколадга чейин. Өткөн жумадагы кызыктуу окуяларды чагылдырган сүрөт баян

© AFP / FABRICE COFFRINIЦеремония вручения премию FIFA лучшему игроку прошлого года
Церемония вручения премию FIFA лучшему игроку прошлого года - Sputnik Кыргызстан
Церемония вручения премию FIFA лучшему игроку прошлого года

Криштиану кайрадан кыйын аталды. "Реал Мадрид" менен Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Футбол боюнча эл аралык федерациянын (FIFA) аныктоосу менен мыкты оюнчу деп табылды. Күйөрмандарын чын дилибизден куттуктайбыз. 

Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.37 (сатып алуу) жана 69.66 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Ийгилике кеткен жол түз болбойт. Жакшылык каалап Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0