Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Балдарын эптеп баккан касапчы азиз болуп…

Жазылуу
Жылмаюу бактылуулуктун эле эмес, күчтүүлүктүн да белгиси. Андыктан жылмаюу менен жаңы аптаны баштайбыз.

Жашоодо эмнелер гана болбойт. Бирде итиң чөп жеп, айтканың аткарылып турса, кээде баары теңирден тескери кетет. Катар-катары менен оор сыноолор болуп, асманды кара булут каптайт. Мына ушундай учурда жардамга кол сунган адамдар көп болсо жакшы. Бир кезде сулуулугу менен бүтүндөй өлкөнү багындырып, жигиттердин шилекейин агызган Жибек Нукееванын өмүрү коркунучка кептелип турат. Анын туугандары операция үчүн 80 миң евро чогултуу максатына элден жардам сурап кайрылган. Кыргыз элинен айланса болот, көпчүлүк көмөктөшүп негизги каражат чогулуптур. Эми дагы 15 миң доллар жетпей жаткан чакта акчалуулар көмөктөшсө жакшы болмок. 

Какаганга муштаган болуп үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калып, үйүндө жумушсуз отурат. Буга чейин касапчы болуп үй-бүлөсүн баккан баланын ордун ким толтуруп, эки баласын ким багаар экен… Балким үнү кудайга жетип, жардамга кол сунгандар табылып калаар.

Стамбулдагы терактыга эми Өзбекстанда төрөлгөн жаран шектелүүдө. Түрк полициясы Абу Мухаммед Хорасан деген ат менен таанымал Өзбекстанда туулган Абдулгадир Машарипов кылмыш жасаган деген бүтүмгө келди

Ал эми буга чейин киши колдуу болгон Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун иши боюнча беш киши камакка алынды.

Бишкекте болсо жүргүнчүнү коюп кеткен айдоочу издөөгө алынды. Буга чейин жума күнү саат 23.00дөр чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Патрис Лумумба көчөсүнүн кесилишинде маршрутка 61 жаштагы адамды коюп, айдоочу из жашырып кеткен.

Бишкектеги Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги ири дүкөндөрдүн биринде аял менен өспүрүм баланын телефон уурдап жатканы видео-көзөмөлгө түшүп калып, Facebook социалдык тармагына жарыяланды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники музыкальной группы "Музаман"
Участники музыкальной группы Музаман - Sputnik Кыргызстан
Участники музыкальной группы "Музаман"

МузАман тобунун таланттуу жигиттери менен болгон маекти бул жактан окусаңыздар болот.

Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөй, айрым облустарда коюу туман түшө турганын Кыргызгидромет билдирди.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.23 (сатып алуу) жана 69.53 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Кубанычты тең тартсаң бөлүнбөйт, кайгыны тең тартсаң билинбейт. 

Баарыңыздарга чың ден соолук каалап замандашыңыз Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0