Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ак жерден күйгөн Машрапов, сырын ачкан "Азия MIX"

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз улуттук университети. Архив
Кыргыз улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эч болгуча кеч болсун. Жаңы жылыңыздар менен мекендештер. Кирип келген тоок жылы жакшылыкка жык толсун.

Кечээ бул жылдын биринчи иш күнү болду. Үч күн эс алып калгангабы, айтор, маалыматтар жык. Сүйүктүү кесиптештерибиз эс алууда жөн жатпай, калемдерин ой-да бир курчуткан экен, курч материалдар жарык көрдү. Эмесе, барактап көрөлү.

Таң атпай Валентина Шевченко тууралуу жакшы кабар келди. UFC менен келишим түзгөнүнө аз гана убакыт болгондугуна карабастан биздин кыз рейтингде биринчи орунду ээледи. Мэ, сага дүнүйө! Бир кезде UFC турниринде кыздар эркектерден калышпай былчылдаша урушканда жака кармап таң калсак, эми алардын сап башына Кыргызстанда төрөлгөн кыз чыкты. Үч жыл мурун ушундай болору эч кимдин түшүнө да кирген эмес. Азаматсың, Валя! 

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане

Баса, сүйүнчү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт кабарчысы Табылды Кадырбековдун эки сүрөтү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча РИА Новости агенттигинин мыкты сүрөттөр базасынан орун алды. Ошондон улам таланттуу Табанын өткөн жылдагы жалындуу сүрөттөрүн сунуштайбыз

Түн уйкуну бөлгөн Түркия. ТИМ Түркиядагы терактыга Машраповдун тиешеси бар деген маалымат ырасталбаганын билдирди. Кара-Сууда коммерсант болуп иштеген карапайым Машраповго эле кыйын болду. Түркиянын калпыс маалыматынан жабыркаган кыргызстандык жаран Стамбулда эмес, Кыргызстанда да түнкү клубга барып көрбөгөндүгүн айтууда

Кесиптешибиз Бегимай Бакашева "Азия MIX" командасынын жигиттери менен маектешип, ийгиликке жетүүнүн сырларын сурап көрдү. Маекти бул жактан окусаңыздар болот

Эгерде "Викинг" тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлордун маегин окугуңуз келсе маек төмөнкү шилтемеде

Кайрадан калаа башчысын шайлоо. Бир шайлоо бүтпөй жатып экинчиси башталды. Эми Бишкек мэри тандалат. Бул ирет жарышка эки талапкер аттанууда. Алар тууралуу кызыктуу фактыларды таап чыктык

Ал ортодо "Дордойдо" мурду кемирилген кишинин сөөгү табылды. Сак болуңуздар. 

Алдамчылык, теракт — кыргыз паспортунун кадырына шек келтирген фактылар тууралуу материал бул жакта болсо, Кыргызстанда терактылардын болор-болбошу тууралуу, бул жөнүндө айткан эксперттердин пикири менен төмөнкү макаладан тааныша аласыз

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.13 (сатып алуу) жана 69.40 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бөөдө кырсыктан сак болуңуздар. 

Алтын башыңыздын амандыгын тилеп Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0