Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өлүм алдындагы сулуу, Аяз атадан үмүт кылган балдар

Жазылуу
Бир күндөн кийин жыл жаңырып, майрамдар майрамга уланат. Адамдарда кайгы эмес, ийгилик менен сүйүнүч көп болсун. Бурадардан эми жаңырган жылы жолугушабыз.

Президенттик балаты. Кыргызстандагы мыкты окуучулар президенттик балатыга келип, маанайлары көтөрүлдү. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев балдардын келечеги үчүн шарт түзүп берүү ар бир ата-эненин милдети экенин айтты. Көздөрүнөн үмүттүн шооласы, кубаныч чачыраган балдардын майрамын бул жактан көрсөңүз болот. 

Балам — бактым, балам — базарым. Кыргызда атадан артык уул деген кеп бар. Анын маңызы абдан терең. Эл оозуна алынган кичинекейлердин ийгиликтерин билесизби? 

Кыргызстанды дүйнөгө даңазалады. Кыргызстандык бийчилердин аткарган бийи дүйнө элин абдан таң калтырды. Бир караганда сөөгү жоктой сезилген бийчи балдар жаңы жыл алдында Кыргызстандын элине чоң сүйүнүч тартуулады.

Интерпол изине түшүп… Жаман айтпай жакшы жок дегендей, кыргызстандык айрым кыз-келиндер Интерпол тарабынан издөөгө алынды. Алардын эң улуусу 69 жашта болсо, эң кичүүсү 26 жашта. Үйдүн куту болгон эже-карындаштырыбыз кылмыш жасап эмес, тамак жасап үйдө болгону жакшы эмеспи. Бардыгыбызга ынсап, ыйман берсин.

Жардам берели. Кыргызстандын намысын бир катар эл аралык сулуулук конкурстарында коргоп келген бийкеч Жибек Нукеева сөөк рагына кабылды. Көп түкүрсө көл болот дегендей, баарылап ага колдон келген жардамды берели. Дарыгерлер кызга жардам берилбесе бир айлык гана өмүрү калганын айтышууда. Жибектин кичинекей баласы да бар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.20 (сатып алуу) жана 69.40 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Көкүрөк-көөдөнүбүз жакшы тилектерге жык болсун. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0