Амансызбы, бурадар. Өлкөдө саат 10:15. Мэрди чечинткен жаштар, жаңы Баш мыйзам

Жазылуу
Жаңы жылдын босогобузду аттарына саналуу гана күндөр калды. Бул жылды жакшы маанай менен узатып, берген берекесине рахмат айтып узата турган мезгилибиз келди. Амандыгыбызга тобо деп, жаралган өксүктөр өтүп кетишин тилеп турубуз.

Нарындан башка жерде ызгаар суук болбойт. Бүгүн түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди. Өлкө аймагы боюнча негизинен жылуу болуп, ызгаар Нарында күчүнө кирип, ал —12…-17 градуска жетери айтылды.

Жаңы жылга жаңы Баш мыйзам менен… Той апей, референдум өтүп, анын эртеси да болду, тагыраагы, президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Ошентип жаңы Конституция 2017-жылдын 15-январынан тарта күчүнө кире турган болду

Алкоосу аз тез жардамчылар. Жаңы жыл демекчи, кыргызстандыктар да башкалардай эле жыл жыйынтыгын чыгарып, өткөнгө саресеп салып турган чак. Тез жардам станциясы өтүп бараткан жылга саресеп салып, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлык тапшырды. Ак халатчандар 11 айда 26 адамды клиникалык өлүмдөн чыгарып, ажалдан арачалаптыр. Мындай карай келгенде, бул кызматтын дарыгерлерине жакшы сөз айтылган учурлар аз. Анткен менен оору алкымдаганда дал ушуларга биринчи кайрылабыз… 

Быйыл кимдер дүйнө салды? Өлүм менен өмүр катарлаш жүрөт дешет элде. Sputnik Кыргызстан 2016-жылы дүйнө салган атактуулар менен өлүмү коомчулукту чайпалткан мекендештердин элесин кайрадан эскерди. Арасында тирүүлөй өрттө калган кыргыз кыз-келиндер менен Россияга бала бакканы кеткен 13 жашар өспүрүм бар. 

Айтмакчы, жакшы кабар! Ала-Арча ажайып жай. Биздин Ала-Арча капчыгайын Англиядагы беделдүү бир интернет портал "туристтер көп барган ажайып жай" деп атады. Болсун! Биздин мекен чындыгында эле дүйнөдөгү эң кооз аймактардын бири

Капчыкты какпаган Кыргызстан. Белгилүү Forbes журналы Кыргызстанды 2017-жылдагы эң арзан эс алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Сонун, мыкты!

Паспорт баяны. Биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылды. Эми эмне болот?

Босогодо Жаңы жыл, белек тандайбыз. Кыргызстандыктар майрамдарда жакындары эмне белек берерин жана канча акча короторун Sputnik Кыргызстан жасаган материалдан окусаңыз болот. Жакындарга белек ала элек болсоңуз, балким, пайдасы тиер. 

Мэрди чечиндирген студенттер. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев майрам алдында жаштар менен жолугуп, чөнтөк телефонун жана портфелин белек кылып, галстугун, кол саатын чечип бериптир. Жакшы саамалык… Жаштар дирилдеген таза калк келет эмеспи, мэрдин бул кадамына таасирленип, маанайы бир топко чейин көтөрүңкү жүрсө керек. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.23 (сатып алуу) жана 69.45 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында болот. 

Жаңы жылда "Бурадардан" аман-эсен көрүшкөнгө чейин жакшы туруңуздар, урматтуу мекендештер. Урматым менен, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0