Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Уй саап шаардык кыздарга үлгү болчу латыш келин…

© Sputnik / Табылды КадырбековВход в Национальный госпиталь в Бишкеке
Вход в Национальный госпиталь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артка бир кадам, алдыга эки кадам таштайбыз.

Үстүбүздөгү жылдын аякташына болгону үч эле күн калды. Ошондон улам айрым бүтпөй калган иштер кийинки жылга калаары бышык. Алардын катарында быйыл чечилбей калган Иззат Артыковдун допинг чыры бар. Эми маселе январь айында Швейцарияда каралмай болду. Спортчунун машыктыруусу Үсөнкан Майназаровдун айтымында, жол акысына мамлекет тарабынан жардам бериле элек экен. Биздин өкмөт эмне алтын алганда гана эстейби? Медалдан ажырата электе капталдан чыга келген чоңдор кайда?

Ала-Букадагы баптист делген кемпирдин сөөгүн казып салган жигит кармалды. Эми эмне болорун соттук териштирүүлөр көрсөтөт. Андыктан күтө туралы.

Кармалгандар муну менен гана чектелбей, буга чейин борбор калаада сноуборд тепкендер дагы колго түшүп, айып салынды. Мындан ары бейбаштык кылуудан алыс болушаар. 

Оштун жаңы аэропорту Мады менен Отуз-Адырдын аймагына курулмай болсо, караколдуктар кышында жаңы курулган бассейнге чумкуп эс алышууда.  

Ал эми латыш келин Анастасия Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөнүптүр. "Ой, мама, джөргамыш" деп так секирген кыздарга үлгү болору бышык.

Саясаттан кеп салгандарды жакшы көргөндөр үчүн быйыл саясаттын казаны кандай кайнаганына токтолдук. Кененирээк бул жакта.

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар түшөт. Андыктан кышкы жомокко даяр туруңуздар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.28 (сатып алуу) жана 69.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жакшы тилек — жарым ырыс.

Жаңылыктар түрмөгү
0