Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Азия MIX", Кайрат… Жаша, Кыргызстан!!!

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Конституционной палаты Верховного суда КР
Здание Конституционной палаты Верховного суда КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өтүп бара жаткан жылдын акыркы аптасы ийгиликтүү болсун.

Ошентип бул жылда акырындан соңуна жакындоодо. Маймыл жылы жалпы кыргыз эли үчүн жемиштүү, майлуу-сүттүү жылдардан болду десек жаңылышпайбыз. Анткени эң башкысы жыл тынч өтүп, элибизде бейкутчулук болду. Саясий талаада бир топ өзгөрүүлөр коштолуп, айрым кырсыктарды эске албаганда 2016-жылы Кыргызстан көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. Аларды санап отурсак барак жетпейт. Андыктан акыркы эле ийгиликтердин бири — Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Россия КВНинин жогорку лигасында жеңип чыгып, чемпион аталды. Президент Алмазбек Атамбаев айткандай шайырлардын бул жеңиши кыргыз элине жаңы жылдык жагымдуу белек болду. Ал эми команданын оюнчусу Ситора Фармонова буга чейин сөз бергендей эле эми турмушка чыгарын билдирди. Эмне дейбиз? Пенденин оозунда, кудайдын кулагында. 

Баса, КВНдин финалдык оюнун көрөм десеңиз бул жакка баш багыңыз.

Ийгилик ушуну менен гана чектелбей, сакадай бою сары алтын Кайрат Примбердиев "Голос" шоусунун финалына өттү. Ири масштабдагы сынактын финалына өтүштүн өзү жеңиш. Бирок кыргыз эли Кайраттан биринчиликти күтүп жатканы талашсыз. Андыктан Кайрат мырза, алга! 

© AP Photo / Alex BrandonБарак Обама Вашингтондогу башкы балатынын отун жандыруу салтанатында сүйлөп жатат
Новогодние елки в разных городах мира - Sputnik Кыргызстан
Барак Обама Вашингтондогу башкы балатынын отун жандыруу салтанатында сүйлөп жатат

Бул жылы жаңы жылдык балаты жана Ала-Тоо аянты да өзгөчө кооздолуп, жомоктогудай элес калтырууда. Ушундан улам башка өлкөлөрдө балаты кандай жасалгандыгына кызыгып көрдүк. 

Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.36 (сатып алуу) жана 69.48 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Эл эмгегин жер жебейт. 

Жакшылыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0