Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мекендештер Москвада экстремист деп кармалып…

Жазылуу
Ак карлуу таңыңыздар менен! Жааган кардын ар бир бүртүгү бакыт жана сүйүү алып келсин.

Кечээ күнү кечке Москва жактан жаман маалымат суудай тарады. Атайын операция жүргүзүлүп, ФСБ менен ИИМ Росгвардиянын жардамы менен бейшембинин кечинде Москванын аймактарынын биринен "Таблиги жамаат" тобунун жети мүчөсүн кармаган. Алардын алтоосу кыргыз жарандары болуп чыкты. Эң башкысы бул окуядан кийин кыргыз мигранттарына кысым күчөп, мекендештер кыйналбаса эле болду. Аларды кантип кармагандыгын бул жактан көрсөңүздөр болот.

Ал эми бул маалыматка чейин Анталиянын Аланья аймагында полиция рейд уюштуруп, анын жыйынтыгында мончолордо иштеген кыргызстандык 8 кыз кармалды. Жыргаганын жылкычы болбогону талашсыз кеп. Кантсе да ыйман берсин. 

Баары жаман дегенден алыспыз. Мисалы, Ирандын президенти Хасан Роухани Кыргызстанга келип, маанилүү келишимдер түзүлүүсү күтүлүүдө. Эгерде Иран президентин Алмазбек Атамбаев кантип тосуп алгандыгын көргүңүз келсе бул жактан күтөбүз

Көптөн күткөн референдумдун жыйынтыгы расмий айтылып, элдик добуш берүү өттү деп жарыяланды. Эмне дейбиз? Кут болсун! 

© SputnikЖаачы Аида Акматова: өлүмдөн мурун помадам бетиме шыбалып калган жокпу деп ойлодум
Художественная гимнастка Аида Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жаачы Аида Акматова: өлүмдөн мурун помадам бетиме шыбалып калган жокпу деп ойлодум

Кесиптешибиз Гулдана жаа атуу боюнча Европанын рекорд китебине кирген Аида Акматова менен маектешсе, Эламан Карымшаков калың каадасы тууралуу тереңирээк карап көрдү.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кар жаай турганын Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.33 (сатып алуу) жана 69.46 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бөөдө кырсыктан алыс болуңуздар.

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0