Амансызбы, бурадар? Ок жеген элчи, Аяз атадан белек күткөн депутат менен ырчылар

© Sputnik / Табылды КадырбековПара идет с зонтом на бульваре Эркиндик в Бишкеке
Пара идет с зонтом на бульваре Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдө тынчтык болуп, арам ой, кара ниеттүүлүктөн алыс бололу.

Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов чаламандын чак түшүндө киши колдуу болуп, дүйнөнүн үшүн алды. Аны сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында сүйлөп жатканда атып кетишти. Бул иш чарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы болгон. Бактыга жараша, биздин элчи жабыркаган жок

© AP Photo / Burhan OzbiliciВооруженное нападение на российского посла в Анкаре
Вооруженное нападение на российского посла в Анкаре  - Sputnik Кыргызстан
Вооруженное нападение на российского посла в Анкаре

Баласын бооруна кыскан мас аял. Ош базарынын аймагынан мас болуп алып, баласын көтөрүп жүргөн аял кармалды. Кышкы аязда баласын кордогон аял ким экени такталууда.

Кичине балаты үшүдү кышта… Жаңы жыл жакындаган сайын майрамдык маанай көтөрүлүп, бир башкача сезимдер болору бышык. "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын оту жанып, депутаттар менен ырчылар Аяз атадан эмне үмүт кыларын бизге айтып беришти. Өткөрүп жибербей окуп калгыла. Майрам деп шаңыраңдай бербей пиротехникаларды кантип тандоо керектигин да үйрөнүп алгыла. Атайын адистер аны түшүндүрүп берди.

Бекер коомдук унаа. Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору эми коомдук транспортто убактылуу болсо да бекер жүрө турган болушту. Бул акчасы аз пенсионерлер менен ардагерлер үчүн эң сонун шарт. Ал ортодо бишкектик пенсионер пенсиянын аздыгынан "Слези тикли в бок" деп ырдап чыкты. Кандай болсо да акча жок деп эч кимдин көз жашы акпасын.

Дүйнөнүн чүрөктөрү чогулду. Перизат Расул кызы баштаган дүйнө сулуулары АКШда чогулуп, ажарлуубуз ким деп күч сынашты. Бул сынакта эң сулуу деп пуэрто-риколук Стефани Дель Валле аттуу бийкеч жеңүүчү деп табылды.

Ак кар, ак кар… Кышында үйдө жамбаштап жата бербей, кышкы лыжа базаларына барып зуулдата лыжа, чана тээп көңүл ачып келгиле

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.31 (сатып алуу) жана 69.42 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Дүйнөдө тынчтык болуп, жаңы жылдын босогосун эч кандай кырсыгы жок аттайлы деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0