Амансызбы, бурадар! Өлкөдө саат 10:15. Гүлдөгөн эшек экспорту, шок кылган фастфуд

Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңузбу, мекендеш. Бүгүнкү бейшемби сиз үчүн жакшы маанай коштогон күн болсун деген тилек менен кечээки хроникага назар таштайбыз.

Бүгүн күн жаркырап… ачык болот экен. Өлкө аймагында кар жаабайт деп билдирди Кыргызгидромет кызматы. Кыштын кыштай болгону жакшы эле деп наалыбай, жараткандын берген күнүнө топук кылып туралычы. 

Шаурмаң менен! Кечээ Бишкекте жашаган бир катар мекендештер жипкирсе, бүгүн бир тобунун тамагы ооруп калды окшойт… Шаардыктардын көбү шам-шум этип, курсакты кампайтып алган шаурма, гамбургер, бегемот деген "фастфуддардын" кандай жасалышын көрүп, билгенден кийин… эшек темасы шоона эшпей калды окшойт… Курттаган эттер, антисанитария… иши кылып көзүң жамандыкты көрбөсүн… 

© Sputnik / Табылды КадырбековУстановка дорожных указателей активистами в Бишкеке
Установка дорожных указателей активистами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Установка дорожных указателей активистами в Бишкеке

"Жашында жайраган"… Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнө жаңы жол көрсөткүчтөр орнотулгандыгы тууралуу шаар тургуну Атай Садыбакасов социалдык тармакка жазганда баарыбыз жакшы кабыл алып, көптөр көрүүгө ашыккан эле. Нью-Йорктогуга караганда сапаттуу деп жазганы ого бетер кызыктырган. Бирок бечара жол көрсөткүчтөрдүн өмүрү кыска экен, шаардык кызматтардын биринин жетекчиси алар алына турганын айтты… Көрсөткүчтөрдү жарандык активисттер жаман ой менен деле койбосо керек эле…

Гүлдөгөн эшек экспорту. Ош облусунан Кытайга 300 эшек жүктөп бараткан алты унаа токтотулуп… айтор, Кыргызстанда эшек экспорту гүлдөгөн маал келиптир, бурадар.

Ах, сүйүү, сүйүү… Бишкектик айым өзүнө жагып калган жигитти издөөгө милицияны мажбурлап, акыры таптырып тынды

Карганда берсин дөөлөттү. Окумуштуулар улгайган убакта ырахат алып жашоо өмүрдү узартаарын аныктап чыгышыптыр.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.23 (сатып алуу) жана 69.36 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Батаар күндүн атаар таңы бар.

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү болсун. Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0