Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шайлоо, жайлоо, майлоо…

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогунан чыгып келеткан жаран
Шайлоо участогунан чыгып келеткан жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо болду, анын эртеси да болду. Ошентип Кыргызстан сегизинчи ирет Баш мыйзамды өзгөрттү. Эң башкысы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо тынч өттү.

Саясатташкан калк эмеспизби, күтүлгөндөй эле кары-жаш дебей шайлоо тууралуу жазып, кайсы жерде кандай мыйзам бузуу болуп жаткандыгы заматта интернетке чыгып жатты. Бирөөлөр кыйын болуп сындаса, башкалар чоңдорунун "айт" дегенин эки кылбай шайлоодо колдон келишинче көбүрөөк добуш алуунун аракетин көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке

Ал эми эртең менен шайлоого катышып, журналисттердин суроосуна жооп берген президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешке кимдер өтө турганын болжогон. Ажобуздун божомолу туура чыгып, беш партия Бишкек шаардык кеңеш шайлоосунда утуп чыкты

Президентибиз журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "шайлоочулардын 30 пайызы келип берсе экен деп толкунданып отурганын" айтты. Үнү кудайга жетип, жараткандын жардамы менен референдумга шайлоочулардын 42,07 пайызы катышып, алардын 80 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп берди. Эх, күтүлбөгөн жыйынтык! Италия, Англиядагыдай болуп референдум өтпөй калабы деп канча корктук!..

Жогоруда кеп кылгандай, эң башкы жеңиш шайлоо тынч өткөнү болду. Бишкек шаардык кеңешке алдын ала кимдер өткөндүгүн билгиңиз келсе, буюрса шаардык кеңешке депутат болчулардын тезмеси бул жакта.

Ал эми шайлоонун жүрүшү тууралуу тартылган видео бул материалда, сүрөт көрөм десеңиз төмөнкү жактан күтөбүз

Ошентип шайлоонун шаңы да бүттү. Таза жеңиш менен утуп чыккандарды чын дилибизден куттуктайбыз. Кызык, деги ошондойлор бар болду бекен? Мындан да кызык суроо… Айрым партиялар айткан акысыз коомдук транспорт, 500 автобус, гүлдөгөн Бишкек… ушуларды көрбөй өтүп кетпейбизби? 

Шайлоо өз бети менен дечи, жашоо уланып жатат да. Бүгүн Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаайт экен.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.10 (сатып алуу) жана 69.22 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Беш жылдык келечегин саткандар, бейиш жашоону күтө бериңиздер эми. 

Өлкөнүн тынчтыгын тилеп Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0