09:50 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ажо Атамбаев айтканда…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
9110

Жараткандын улуу жума күнү ийгилик менен коштолсун. Адаттагыдай эле өткөн күндү барактайбыз.

Кечээ күндүн башкы темасы бул Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйыны болду. Тилде сөөк жок демекчи, "асыл ойлор", "улуу сөздөр" айтылды. Бирде айрымдардын короосуна таш ыргыса, кай бирлердикине бороон жаады. Бактыга жарашабы же тилекке каршыбы, айтор ал төрт саатка созулду. Эмесе кененирээк токтололу. 

А дегенде эле адаттагыдай "кара тизмедеги" айрым журналисттер маалымат жыйынга кире албай калышты. Андан соң иш-чара башталып, президент биздеги сөз эркиндиги кошуналарда жок экенидигин мактануу менен айтып өттү. Албетте "күтүүсүз" жерден кеп Текебаев тууралуу болуп, Атамбаев кимдер бирөө доктор Апастын ордун басышы керектигин айтты. "Ата Мекен" лидери тууралуу айтылган сындарды бул жактан окуңуздар.

Баса, президент Мотуевдин аял алуу боюнча кастинг өткөрүп жатканына кубанычта экендигин жашырган жок. Ал учурда айрымдар Атамбаев чын эле Facebook социалдык тармагында отурат окшойт деп шекшип калышты. 

Баштаган соң токтомок беле, кийинки ачуу кептер Аида Салянованын дарегине жаады. Эмне үчүн мурунку Башкы прокурор менен иштешпей калгандыгын бул жактан окусаңыз болот.

Анан албетте, Бабанов, Төрөбаевтерди бир эсе мактап, бир эсе чымчып да өттү

Мындан сырткары чарчагандыгын, бирок Путин менен Назарбаев президенттикте калууну сурангандыгын мактануу менен жар салды. Анан эмне? Аларга макул болмок беле… Жо-оок! Биздин президент андай эмес. Дароо "эл чечет" деп жооп бериптир. Кененирээк төмөнкү материалда.

(1:52 / 11.59Mb / )
© Sputnik / Эмиль Садыров
Атамбаевдин маалымат жыйыны: кадр саясатынан тарта элди бөлгөндөргө чейин

Атамбаевдин айткандары аз десеңиз, калгандарын бул видеодон көрүп алсаңыздар болот.

Ошентип төрт сааттык маалымат жыйын аяктап, башка кабарларга да кезек жетти. Тилекке каршы, кубантарлык кабарлар аз. Бишкекте сасык тумоонун айынан 20 мектеп карантинге жабылды.

Кыргызстанда ВИЧтин кантип жайылышы боюнча инфографика жасалды. Кесиптештерибиздин эмгеги бул жакта.

Ал эми бүгүн Бишкекте күн 15 градуска чейин ысыйт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.06 (сатып алуу) жана 69.21 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бакытты башкадан издебей, өзөгү өзүңүз болуңуз.

Күндүн күлкүсү баарыбызды жылытышын тилеп, Исмаил Мамытов.

Белгилер:
валюта, аба ырайы, Бурадар

ЭҢ МААНИЛҮҮ