Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Европаны багындырган "Тумар", асмандаган көмүр

Жазылуу
Шейшемби күн өрт менен башталды. 7-кичи райондо алгач чиркөө андан кийин мектеп күйүп, алоолонгон жалын көп кабаттуу үйгө да жабышты. Кандай болгон күндө да тилсиз жоодон алыс бололу.

Мектепти каптаган жалын. 7-кичи райондогу менчик мектеп өрттөнүп жатат. Бактыга жараша окуучулар менен мугалимдерден эч ким жабыркаган жок

"Тумардын" триумфу. Кыргызстандык "Тумар" бий тобу Словакияда өткөн эл аралык сынакта үчүнчү орунга татыды. Эскерте кетсек, бул бий тобунда майып кыз-балдар да бийлешет. Алты саны амандар булардын үлгү алса болот. Дагы ийгиликтерди жарата бергиле, балдар.

Асмандаган көмүр баасы. Кыштын келиши менен көмүрдүн баасы асмандап, айрым аймактарда ал 12 миң сомго чейин чыкты. Кыргызстандын аймактарында көмүр канчадан болуп жатканын бул жактан окуңуздар

Күн жылыса кантебиз? Кыштын ызгаары басаңдап күн жылый турганын ӨКМ билдирген. Эми ал бир топ оңтойсуздуктарды жаратат деп элди эскертүүдө. Себеби, дарыядагы муздун деңгээли көтөрүлүп жээкке чыгышы мүмкүн экен. Эмнеси болсо да аман бололу.

Жети күн, жети түн айтылган "Манас". 27-ноябрдан тарта жети күнгө созулган "Манас" айтуу башталды. Бул маданий иш-чара 4-декабрда аяктайт. Башканы коюп "Манасты" айт демекчи, атактуу манасчылардын жети күн тынбай айткан "Манасын" түз эфирден көрүңүз.

Карын эне баланы кайтарды. Башкаларга бала төрөп берем деп сүйлөшүп, бирок төрөгөндөн кийин аны бербей койгон карын эне акырында наристесин сүйлөшкөн тарапка берди. Эмнеси болсо да, ымыркай бактылуу болсун. 

Күрп-Сай ГЭСи. Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык кубатын толук пайдаланса бир гана өлкөнү эмес коңшуларды да камсыздай аларын адистер айтып келет. Күрп-Сай ГЭСинин асмандан көрүнүшүн бул жактан көрүңүз.

Дүйнөдө болгон олуттуу окуялар. Дем алыш күндөрү жамбаштап жатып олуттуу делген кабарларды өткөрүп жиберсеңиз анда бул жакты караңыз. Топ тепкен Путинден тарта, алоолонуп күйгөн Израилдин токойлоруна чейин бар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.14 (сатып алуу) жана 69.26 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бөөдө кырсыктан аман бололу деп, Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0