Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көк муштум болгон балдар жана "убакытты токтоткондор"

Жазылуу
Бул бейшемби күн баарыбыз үчүн куунак жана эсте каларлык болуп өтсүн.

Импичмент. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге карата депутат Өмүрбек Текебаев импичмент жарыялоо аракетин баштаганын балп эттирген. Эл өкүлүнүн бул аракетинен майнап чыгабы же жокпу? Ал ортодо жаңы куралган көпчүлүк коалиция ЖоКедеги комитеттерди бөлүштүрүп, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" баарынан куру жалак калды.

Казакстанда. Казакстанда Алматы шаарын Нурсултан Назарбаевдин атына алмаштыруу демилгеленди. Эми Алматыга барып келгендер, Нурсултанга же Назарбаевге барып келдим деп калат экенбиз. Ии, баса, ал ортодо Казакстанда 350 килограмм салмактагы аял каза болду

Балдар көк муштум болуп тоңуп. Токмоктогу балдар үйү кыштын ызгаарында жылуулуксуз калып, ал жакта тарбияланган балдар бөлмөлөрүндө көк муштум болуп тоңуп отурушту. Бул маселени журналисттер менен депутаттар туш-туштан көтөргөндө гана тийиштүү кишилер ордунан козголушту окшойт.

"Убакытты токтотом" деп убара тарткандар. Интернетте #Mannequinchallenge хэштеги менен башталган флешмоб дүйнөнү каптады. Кийим чечип кыйкырган футболчу Криштиану Роналдудан баштап, залдагы "убакытты токтоткон" россиялык ырчы Дима Биланга чейин бул жактан окуңуз

Америкалыктардын оозун ачырып, ат жалында ойногон кыргыз. Ат жалында шамал менен жарыша ойноп, америкалыктар гана эмес канадалыктардын да оозун ачырган мекендешибиз бар. Досберген Козугулов аттуу кыргыз жигит элдин эле бүйүрүн кызытпастан, Голливуд жылдыздарын да таң калдырып келет.

Нооруз… Эми Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесин толукташы мүмкүн. Түн менен күн теңелген бул майрам түрк тилдүү мамлекеттердин баарында кызуу шаң менен белгиленип келет.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.03 (сатып алуу) жана 69.18 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Өзүбүзгө жаккан иш менен алектенип, ар бир күндөн ырахат алалы деген каалоо менен Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0