Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жашында жайраган тандем, канааттандырбаган ант

Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Жакшы жатып, жай турдуңузбу? Бүгүн күнгө жума.

Аба ырайы. Бүгүн өлкө боюнча кар түшүп, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Бишкекте күндүз — 2…-4 градус суук, ал эми Ошто 6…8 градус жылуу болот дешти. Адаттагыдай эле кар алгачкы күндөрү адамдардан тарта техникага чейин жүдөтүп жатат. Анткен менен аптаппы же карбы, жараткандын берген ар бир күнү кымбат жана баалуу. Наалыбаңыздар, ээ?..

© Sputnik / Табылды КадырбековСнегопад в городе Бишкек
Снегопад в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Снегопад в городе Бишкек

Апапакай айлана, кар үстүндө араба түрткөн апа, ээн калган селкинчектер…Төмөнкү сүрөттөрдөн кыштын алгачкы сүртүмдөрүн көрсөңүз болот

Жаңылар, бирок баягылар… Анткен менен улуу кыймыл уланып жатат. Кечээ Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Эли-жерибизге ак ниет менен кызмат кылабыз, антпесек ант урсун дешти, аткаминерлер.

Ант демекчи… Бир катар депутаттар анттын текстин өзгөртүү зарыл дешти. Бир дем-күч, башкача бир сезим менен айтылышы, жүрөктөн чыгышы керек деп айтышты. Айтор, бул маселени тармактык комитетке тапшырышты.

Жашында жайраган тандем. Депутаттар, саясат демекчи, "Республикачыл" Өмүрбек Бабанов менен "Ата журтчу" "Камчыбек Ташиевдердин саясий тандеми жашында эле, бир жылдын ичинде жайрап калды.

Атамбаев менен Порошенконун бүйүр кызыткан "сүйлөшүүсү" интернетке чыкты. Өзүн Алмазбек Атамбаев деп тааныштырган пранкер үнү Украинанын президенти Петр Порошенкого абдан окшош киши менен сүйлөшкөн. Адамдар кызык элебиз, негизи. 

200 сом кыйган өмүр. 17-ноябрга караган түнү Бишкекте таксист өлтүрүлдү. Бул кылмышка шектелип жаңы конушта жашаган 19 жаштагы жаран кармалды. Бала таксистти отвертка менен моюнга сайып өлтүргөнүн айтып берди.

Сулуулук сынагын жеңген таене. 41 жаштагы кыргыз таене жакында эле Индияда өткөн сулуулар сынагынан байге менен кайтты. Келиндер арасында өткөрүлүп келе жаткан эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү Наргиза Осмонова бул ийгиликтеринин сыры менен бөлүштү

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.18 (сатып алуу) жана 69.31 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Пайгамбар барына ыраазы

Эс алуу күндөрүңүз жакшы кабарлар менен коштолуп, бейгам өтүшүн каалйм. Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0