Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жерге жакындаган ай, эстен тандырган көрктүү жамбаш

Жазылуу
Толгон ай демекчи бул сөз айкашы мага Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" тасмасындагы Толгонай энени эсиме түшүрдү.

Жерге жакындаган ай. Жарым кылымдан ашык убакыт мурун ай жерге абдан жакындаптыр. Тактап айтканда 1948-жылы дал ушундай көрүнүш болгон экен. Дүйнөнүн булуң бурчунда ай жерге канчалык жакындады деп кызыгып жатсаңыз керек. Окумуштуулар эми мындай көрүнүш 2034-жылы гана болот дешет. Ай Кыргызстанга канчалык жакындаганын бул жактан караңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКеремет көрүнүш: кол сунсаң жетчүдөй толгон Ай
Суперлуние в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Керемет көрүнүш: кол сунсаң жетчүдөй толгон Ай

Түбөлүктүү келишим. Атагы ааламга кеткен футболчу Криштиану Роналду Nike фирмасы менен түбөлүктүү келишим түздү. Ал жыл сайын аталган фирмадан 24 миллион доллар алып турат. Бизде дагы дүйнөгө таанылган спортчулар чыкса экен, ээ?

Эстен тандырган жамбаш! Дүйнөдө негизи кызыктуу нерселер кө-өөп. Анан калса жер жайнаган конкурстарчы… Мына ушундай сынактардын биринде көрктүү жамбашты аныкташты. Ага эркектердин ээги түшсө, кыздардын ичи күйүп жатса керек. 

© AFP / Miguel SCHINCARIOL Апта ирмеми: АКШдагы "кетсин!" кыйкырыгынан көрктүү жамбашка чейин
Итоги бразильского конкурса Мисс Бум-Бум-2016 - Sputnik Кыргызстан
Апта ирмеми: АКШдагы "кетсин!" кыйкырыгынан көрктүү жамбашка чейин

Трамп, па-паа-паам. АКШдагы шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп америка-мексика чек арасына дубал куруп, мыйзамсыз жүргөн үч миллион мигрантты өлкөдөн чыгара турган болууда. Ии баса, Трамп президенттикке расмий киришкенден тарта айлык албай турганын билдирди. Бир жылда ал символикалуу 1 гана доллар алат. Ммм… биздин атка минерлер ушундай кылса кандай болот? Жогорку Кеңеште деле битиреген байлар отурат го. Же болбойбу? Ким билет… 

Укпай калдым дебеңиз. Саясий айдыңда эмне кеп болуп жатат, акыркы актуалдуу саясий имиштер кандай болуп жатканын бул жактан окуңуз. Окугандан кийин аны бөлүшкөндү унутпаңыз.

Кыңыр иш кырк жылда билиндиби? Транспорт министринин мурдагы орун басарына жана андан башка дагы кишилерге "кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланган", "өлкө кызыкчылыгына туура келбеген тендер өткөргөн" деп айыпталууда. Алгандын бермейи бар болдубу, же кыңыр иш кырк жылда билиндиби айтор, күтө туралычы. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.15 (сатып алуу) жана 69.29 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35,50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ай жерге жакындагандай биз да жакындарыбызга тартылалы. Алар да бизге тартылсын деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0