Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Акаев, Исаковдун ийгилик сыры, "Оскар" алган Жеки Чан

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан шаар жашоочулары. Архив
Көчөдө бараткан шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнүңөр куунак жана силер ойлоп, силер пландагандай өтсүн.

Мыкты футболчуну биз аныктайбыз. Кыргызстандагы эң кыйын футболчуларды аныктоого интернет колдонуучулар дагы өз салымдарын кошо алышат. 24-ноябрга чейин убактыңыз бар, чамдаңыз.

© REUTERS / Mario AnzuoniЗнаменитый актер Джеки Чан стал лауреатом почетной премии "Оскар"
Знаменитый актер Джеки Чан стал лауреатом почетной премии Оскар - Sputnik Кыргызстан
Знаменитый актер Джеки Чан стал лауреатом почетной премии "Оскар"

Ураа, Жеки Чанга "Оскар" беришти. Дүйнөгө аты чыккан айтылуу актер Жеки Чан кино искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн "Оскар" сыйлыгын алды. Ал бир гана актер эмес, режиссер, продюсер катары да таанымал. 

Атактуулардын ийгилик сырлары. Президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов, ырчы Жийдеш Идирисова, депутат Жанар Акаев ийгилик сырлары менен бөлүштү

Атасынан тартынып… Ырчы Гүлжигит Калыков атасынан тартынганы үчүн сахнада ачылып бийлей албай жүргөнүн агынан жарылып айтып берди. Продюсер Канат Култаев Гүлжигиттин эл билбеген жактарын да билдирди.

Сатуучулар эле жыргап жаткансып. Дүкөндөрдөгү сатуучулардын кыжырын эмне келтирерин билесизби? Билбесеңиз бул жактан окуңуз.

Чындап эл камын ойлогондор. Кыштын кыраан чилдесинде жарыгы жок отуруудан чоң кордук жок болсо керек. Жарык эле эмес, үйүң да муздайт. Мына ушундай жаман жорук элде болбосун деп тоонун башына чейин барып, үзүлгөн зымдарды улаган электриктердин эмгегин бул жактан көрүңүз

Ошто чет элдик студенттер митингге чыкты. Ошто окуп жаткан 200гө чукул индиялык студент митингге чыгып, жүрөк оорусунан каза болуп калган студентти мекенине жеткирүүгө жардам берүүнү талап кылышты. Индиянын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун сөөгүн жеткирүүгө жардам бере албастыгын билдиргенден кийин студенттер нааразычылыгын ушинтип билдиришти. 

Башкаларды таң калдырган "Кыргыз айылы". Көчмөн кыргыз элинин байыркы жашоосу бишкектиктерге жана конокторго көрсөтүлдү. Тигилген боз үй, анын ичинин жасалгасы келгендердин көңүлүн бурду.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.96 (сатып алуу) жана 69.10 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Ар бир ишиңер ийгиликтүү болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0