Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Исхак үйлүү болгондо пайда болгон атасы

© Sputnik / Табылды КадырбековПроспект Эркиндик в городе Бишкек
Проспект Эркиндик в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңуздар деген тилек менен өткөн күндү барактайбыз.

Кыргызстанда жарандык коом абдан күчтүү. Бул элдин эрктүү, тайманбас экендигинен кабар берет. Кыргыз эли эрктүүлүгүн бир гана митингдер менен эмес, кыйын учурда бир билекке биригүү менен билдире алат. 

Жарандык коомдун күчү менен картондо уктаган үч жашар Исхактын үй-бүлөсүнүн көйгөйү жалпы элдин оозуна алып, тилектер кабыл болуп отурат. Кечээ күнү Искак үч бөлмөлүү батирлүү болуп, эми өз үйүндө жашамай болду. 

Карап көрсөк баары жакшы. Үйлүү болуп, бала бакчага барып калды. Бирок маселе чечилери менен Искактын атасы айдан чыккан булутка окшоп чыга келди. Кандай болгон күндө да үй-бүлөнүн атасы кабарлашып отурат. Эң сонун! Дагы эмне керек? Бакыт чөйчөгү толуп, Искак жомоктогудай баарына жетип отурат. Окуянын аягы Happy еnd болуп бүтүп жатат. Бирок…эркек катары Искактын атасы үчүн абдан уялып отурам. Келинчеги Зульфия Усенова төрт баланы кыштын чилдесине канатына калкалап көчөдө калганда кайда эле? Аталык мээрим, эркектик намыс барбы деги?! Албетте, үй-бүлөнүн ички маселесине кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Болгону Зульфия Усенова жети өлчөп бир кесет деген үмүттөмүн. 

Чындыгында буга окшогон окуя миңдеп саналат. Коенду камыш, жигитти намыс өлтүрөт. Ар убак эл четинде, жоо бетинде жүргөн ата-бабаларыбыз муну укса… Намысты бийик кармаган кыргыздын кыраандары "жигит" деген атка татыктуу бололучу!

Албетте, жакшы жигиттерибиз да жок эмес. Алардын катарында Манас Мамбеталиев менен Элдияр Токтошев бар. Жигиттер Төө-Ашуудагы жол кырсыгы учурунда адамдарга жардам берип, жанына аралжы болушкан. Азаматсыңар, жигиттер! 

Кыргыздын кыйын кыздары да четте калбай, ар кыл сынактарга намыска жарап отурат. Алардын бири Наргиза Осомнова башка сулуу айымдар менен кошо Индиядан салам жолдоп отурат

Кыйытып сүйлөгөндү үйрөнгүңүз келсе фразеологизмдер тууралуу бул жактан окуңуз

Буюрса бүгүн күн ачык болот

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.87 (сатып алуу) жана 69.01 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Көп түкүрсө көл болот. 

Жалындуу жигиттерге чын ден соолук каалап Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0