Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Чокморовдун туулган күнүндө Трамп жеңишке жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековПрохожие на одной из улиц Бишкека. Архивное фото
Прохожие на одной из улиц Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээки АКШдагы шайлоо кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырган жок.

Чокморовдун туулган күнүндө жеңишке жеткен Трамп. 8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп, анда республикачыл Дональд Трамп жеңишке жетип, Барак Обама баштаган президенттер куттуктады. Айтайын дегеним, мындан 77 жыл мурда дал ушул күнү кыргыздын белгилүү актеру, сүрөтчүсү Сүймөнкүл Чокморов жарык дүйнөгө келген. Кыргызстандык улуу инсандын туулган күнүндө АКШнын 45-президенти шайланашынын дал келип калганын карасаң.

© AP Photo / Chris O'MearaРеспубликанец Дональд Трамп
Республиканец Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Республиканец Дональд Трамп

Трамптын жеңиши дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы дүйнө элин бир чети сестентип, бир чети таң калтырды. Оболу анын жеңишине АКШдагы мигранттар көп тынчсызданууда. Албетте анан Кыргызстандагы интернет колдонуучулар да өз пикирин билдирип жатышты. Трамптын атаандашы Клинтондун тарапташтары утулуп калганына ишенбей көз жашын көлдөтүп ыйлашса, Трамптын жактоочулары төбөсү көккө жете ураалап сүйүндү.

АКШ дей бербей, ЖоКенин жоруктарын да эстейбиз. АКШдагы шайлоонун шарапаты менен Кыргызстанда түзүлгөн жаңы өкмөт көмүскөдө калды. Ал эми Баш мыйзамды өзгөртүүдөн чыккан чырларды бул жактан караңыз.

Эки жолу утулуппуз… Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ушул күздө катары менен филиппиндиктерге эки жолу мөрөй алдырды. Биринчи жолу сентябрда утулса, экинчи жолу 9-ноябрда 1:0 эсебинде жеңилип берди. Эх, эми алдыдагы оюндарга үмүт артып туралы…

Айланайын абайла, айдаганым аренда. Шаардагы маршруттук таксилердин өзүм билемдиги кээде тим эле жанды кашайтат да. Бирок аларды каалаган жерден тосуп, каалаган жерден түшкөн өзүбүз дагы күнөөлүүбүз. Мына ушундай нерселерди болтурбоо үчүн милиция рейд өткөрдү. Ии, баса, бишкектик таксисттердин кыжырын эмнелер кайнатарына кызыгасызбы? Анда түз эле бул жакты караңыз. Анан дагы машина айдап баратып эле терезеден таштандыларды зуулдатып ыргыткан айдоочулар көп айып төлөшү мүмкүн. Бул эмне болгон нерсе деп таңданып жатсаңыз муну окуңуз.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.82 (сатып алуу) жана 68.96 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Бейшемби күнү көптөн бери эңсеп жүргөн аруу кыялдарыңыз ишке ашсын деп Расул Үсөналиев. 

Жаңылыктар түрмөгү
0