Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Кыргыз жигитин сүйгөн латыш кыз

© Sputnik / Табылды КадырбековПроспект Эркиндик в городе Бишкек
Проспект Эркиндик в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агарып аткан таң ар бирибиздин маанайыбызды көтөрсүн.

Сүйүү улут танлабайт. Англияда өсүп чоңойгон латыш кызы кыргыз жигитин тандады. Жакында кыргыз тилин үйрөнүп, "Манас" эпосун толугу менен окуп чыгам деп турган чагы. Аракет кылса эле берекети болот да. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздын салт-санаасын чекесинен өздөштүрүп, кайын журтуна жүгүнүп, чай берип жаткан Анастасия
Супруга кыргызстанца Уларбека Бакырдинова Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын салт-санаасын чекесинен өздөштүрүп, кайын журтуна жүгүнүп, чай берип жаткан Анастасия

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан сулуу. Океандын ары жагында 26-ноябрдан 18-декабрга чейин өтө турган "Дүйнө сулуусу-2016" сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан Перизат Расулбек кызы катышат. Кымча бел сулуу саламдашуусун видеого тарттырып, тартуулап турган чагы.

Бир кезде кыргызга келин болду эле. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаева Instagram баракчасына үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырды. Социалдык тармактын күчү ушунда белем, бул сүрөттөрү интернетте чагылгандай ылдамдык менен жайылды.

Биз эмес… Казакстанда жасалган дарылардын Кыргызстандагы бейтаптар каза болду деген маалымат тараган эле. Бирок Казакстандагы илимий борбор алардын дарыларынан эч ким каза болгон эмес деп ишендирүүдө

Тез жардам кызматынын унаасынын жолун тороду. Бишкектин Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Тез жардам кызматынын автоунаасына жол бошотуп бербеген башка автоунаанын айынан жол кырсыгы катталды. Мындан Тез жардам унаасынын айдоочусу жаракат алды. Айланайын айдоочулар, Тез жардамга жол бошотуп, анын чакырылган жерге баруусуна шарт түзүп берсеңер. Керек болсо бир мүнөт бир адамдын өмүрүн куткарып каларын унутпасаңар. 

Атомдун модели эми шаарга көрк кошот. Бишкек шаарындагы Улуттук илимдер академиясынын имаратынын алдына атомдун жаңы планетардык модели коюлду. Кызыл, жашыл, сары түстөгү тегерек темирлерден жасалган атайын алкак эми шаарга бир аз болсо да көрк берет деп ишенебиз.

Интернет арзандап калар. Жайдан бери бир жаңсыл болбой келген интернет баасы эми арзандап калар деген үмүт пайда болду. Себеби, казакстандык операторлор менен Кыргызстандын интернет провайдерлери интернет боюнча келишимге кол койду. Ага ылайык секундасына 1 мегабит интернеттин баасы 15 доллардан болору келишимде көрсөтүлгөн.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.83 (сатып алуу) жана 68.96 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна: Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

Иш күнүңөрдүн куунак болуусун каалап, Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0