Амансызбы, бурадар? Саат 10:15. Референдум, өлүм, өмүр жана китеп

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөнү тазалап жаткан адам. Архив
Көчөнү тазалап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламатсыздарбы, мекендештер. Бүгүн күнгө бейшемби.

Кеч күз бизди эркелетип жатат. Синоптиктер бүгүн күндүн табы борбор калаада 24 градуска жетээрин билдирди. Алтын күз… 

Кетти. Кызыл чеке талаш-тартыш, "сен-мен", ызы-чуу менен Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо боюнча демилгени үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбооруна 90 депутат макул, 15 депутат каршы деп добуш берген

Улам эле басып ала берип… Добуш берүү учурунда ата-мекенчи депутат Өмүрбек Текебаев "каршы" берем деп жатып "макулду" басып алдым. 89 макул деп эсептегиле" деди. Ошентип, тарыхый 89 саны эсте калды. 

Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу саясатчы Текебаев "референдум жөнүндөгү мыйзамга Атамбаевдин кол коюшун күтүп, талкууларга атайын келбей жүрдүм" деди. Анын себебин бул жерден окуп алсаңыз болот.

Саясат саясаты менен деңизчи, бирок карыганда карып болгондорду көргөндө жүрөк ооруйт. Ош шаарында 86 жаштагы аксакал 5 жылдан бери гаражды баш паанектеп келет экен.

Сактансаң сактайм. Ноокендин Жаңы-Арык айылындагы автоунаанын ичине кирип ойногон балдар ширеңке чагып жиберип, өрттөнгөн автоунаадан үч жашар бөбөк чыга албай калыптыр. Абайлайлычы, деги.

Китеп жентеги. "Конфуций" китеби кыргыз тилинде жарыкка чыкты. Аны "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду чыгарыптыр, түзүүчүсү белгилүү журналист Эрнис Асек экен. Эми тирмийип тиктеп китеп окуйлу, ээ? 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.76 (сатып алуу) жана 68.90 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34.50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет 

Күнүңүз бейпил өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0