Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эки айдан соң табылган Айперинин тагдыры

Жазылуу
Аптанын акыркы иш күнү алгылыктуу болсун. Өткөн күндүн жакшы жаңылыктарын барактайбыз.

Быйылкы күз кыргыз тарыхынын маалыматка бай бөлүгү болору талашсыз. Дегеним, күн узабай саясий окуялар болуп, президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов менен Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева кызматын тапшырды. Айрымдар айтмакчы, кийинки муун кыргыз тарыхын окуудан кыйналышы мүмкүн. Анткени 30га чукул өкмөт башчылардын атын жаттап чыгуунун өзү эле канча мээнетти талап кылат. Эң башкысы, жаңы орундарга эл үчүн кызмат кылган адамдар келсе болгону. 

Саясат өзү менен болсун, а биз болсо жакшы жаңылыктарды барактап көрөлү. 

Ааламды айланып чыккан учкуч Союзбек Салиев Кыргызстанга конду

Ал эми Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна депутаттар бир күндүк маянасын бөлдү

Ал ортодо Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салды

Минск шаарынын аэропортунан Жээнбековду гүл көтөргөн кыз тосуп алды

Эки ай мурун наабайканада иштеп жүргөн 15 жаштагы Айпери аттуу кыз дайынсыз кетип, издөөгө алынган. Кечээ, 27-октябрда кыргыз-казак чек арасына келип, атасы менен көрүштү. Болгону документи жок бери кире албай турган жеринен биздин Эркин менен Данияр тартып келди. 

Бечара кыз менен болгон маекти бул жерден окусаңыз болот.

"Кудай шыпаасын берсин", "бечара шейит кетти" деген сыяктуу диний сөздөр кыргыз журтчулугунда арбын колдонулуп келет. Бирок алардын кыргызча маанилерин туура түшүнөм деп ишенесизби? Өзүңүздү сынап көрүңүз. 

Буюрса бүгүн Кыргызстанда суук болгону менен күн ачык болушу күтүлүүдө.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.58 (сатып алуу) жана 68.72 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34,50 сомдон сатылууда. Соңку сөз ордуна: 

Соңку сөз ордуна: Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат. 

Жумуш күнүңөр ийгиликтүү улансын. Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0